Ошто 44 жаштагы жаран короосуна асынып алды

Ош шаарында эркек киши өз үйүнүн короосуна асынып алды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 13-июнда саат 12:00 чамасында болгон.

"Ош шаарынын Калинин көчөсүндөгү үйлөрдүн короосунан асынган абалда эркек киши табылган. Анын өздүгүн тактаганда 44 жаштагы А.Ш. аттуу жаран болгон. Ал өз өмүрүнө кол салган деп болжолдонууда. Учурда милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатат", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан