Бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарында Иван Панфиловдун эстелигинин алдында футбол боюнча Орусиянын улуттук курама командасын колдоо акциясы болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.
Маалыматка ылайык, акция Москвадагы "Лужники" стадионунда старт ала турган футбол боюнча Дүйнө Чемпиондугунун алкагында уюштурулган. Аталган иш-чарага футбол күйөрмандары, футболчулар катышты.
Уюштуруучулар акциянын негизги максаты Орусиянын улуттук курама командасын колдоо экенин айтып, бул ирет Орусиянын курама командасына ийгилик жылмаярына ишенишерин билдиришти.
Айта кетсек, бүгүн, 14-июнда Орусиянын Москва шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат. 21-жолу өтүп жаткан мелдеште дүйнөнүн 32 мыкты командасы катышып, эң беделдүү чемпиондук наам үчүн күч сынашат. Командалар Орусиянын 11 шаарында жайгашкан 12 стадиондо күч сынашат.