Эгерде Орусиянын футбол боюнча курама командасы Дүйнө биринчилигинде жеңишке жетсе, башкы машыктыруучусу космоско учат

Эгерде Орусиянын футбол боюнча курама командасы Дүйнө биринчилигинде жеңишке жетсе, башкы машыктыруучусу космоско учат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, "Галактика" компаниясы эгерде Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетсе, башкы машыктыруучусу Станислав Черчесовду космоско учурууну сунушташты. Бардык чыгымдарды компания өз моюнуна алганга даяр.

"Бул жашоодо бардыгы мүмкүн. Эң негизгиси бул алдыга жана жеңишке умтулуу. Жөн гана турнирге катышпастан аны жеңүү - бул өзгөчө чоң сыймык. Эгерде жеңишке жетсек, космоско учуу Станислав Черчесов үчүн биздин белек болот", - деп билдирген "Галактика" эл аралык космостук компаниясынын негиздөөчүсү Алия Прокофьева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Beckhemqwerty
2018-06-14 17:06:42
Бугун биленет екен да учат или учпайт
+5
Momun...
2018-06-14 17:27:15
Beckhemqwerty, Космоско учат дегени, эгер чемпионатты женсе дегени го, ал учун Россия озунун группасынан ( Египет, Сауд Аравия, Урушвай) чыгышы керек. Анан 1/8, анан 1/4 анан полуфинал анан финал оуууу... Россия биринчи озунун группасынан чыгып алсынчы биринчи, ошол да чон гап.
+7
Azatbek.Svoboda.
2018-06-14 17:56:02
Momun...,Урушвайың ким Уругвай эмеспи?!
+8
bekmaral
2018-06-14 19:15:04
Azatbek.Svoboda.,жакшы эле кулуп алдым ракмат
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-06-14 17:54:48
Beckhemqwerty,Бүгүн Аравия менен эле ойнойт! Теманы жакшылап түшүнүп окусаң. Эгерде Орусия чемпионат мирада биринчи орунду алса деп жазылып турат.
0
Isco22
2018-06-14 19:03:06
Beckhemqwerty,сен учун ЧМ бир эле матч окшойт а. Бугун женсе эле чемпион элестетет окшойсун
+1
Brilant-zhylan
2018-06-14 17:16:07
Россия чемпион болушу учун дагы 30-40 жыл бар
+8
ilgizk
2018-06-14 17:20:21
Учушу учат,бирок мир2018 ден үчуп кетиши мүмкүн...
+5
Tansuluu09
2018-06-14 18:53:06
ilgizk,айласыз кулдуртосунго ;)
0
Angel92
2018-06-14 17:20:41
Демек учпайт экен да))
+9
admiral
2018-06-14 17:45:56
Черчесов жерде эле журоберсин
+3
Azatbek.Svoboda.
2018-06-14 17:58:21
Тренерликтен учат! Топ тоголок дейт. А бирок Орусия биринчилик эмес жакындай да алалбайт! Орусия болельщик фанаттары бойунча биринчилике чыгышы мүмкүн!
+2
Yasmina87
2018-06-14 18:19:15
Вперёд РОССИЯ
0
malikkkg
2018-06-14 18:27:44
Буйруса Россиядан мурун Кыргызстан чемпион болот)
0
Tansuluu09
2018-06-14 18:54:12
malikkkg, канчандыр бир жакшы тилек жарым ырыс
+1
roklait
2018-06-14 18:35:26
Алар да билет да женишке жетпешини,коркпостон айтып.
0
turaliev
2018-06-14 18:37:44
Космосунго биле албадым. Бирок жакын арада чемпионаттан точно учаарына козум жетип турат
+1
Meni_unut
2018-06-14 19:44:25
Ал компания да чемпион боло албашыны билип эле кызыктырып койду тренерини.
+4
Baatirbek81
2018-06-14 19:56:39
Космоско барып Тершковага жолугат бекен.
0
AKCAHAT
2018-06-14 20:19:30
Женбешин билип смело космоско учурабыз дешип койуптур да))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан