Орусиянын Москва шаарында спорт дүйнөсүндөгү эң ири иш-чаралардын бири болгон футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуну башталды.
21-Дүйнө биринчилигинин ачылуу аземи Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда болуп өттү.
Дүйнө чемпиондугу Робби Уильямстын аткаруусундагы чыгарма менен ачылды. Ачылыш аземинен соң биринчиликтин эң алгачкы Сауд Арабия жана талаа ээси болгон Орусиянын улуттук курама командаларынын ортосундагы беттеши башталды.
Чемпиондукта жалпысынан 8 тайпага бөлүнгөн 32 улуттук курама команда ат салышат, биринчилик 1 айга созулуп, акыркы финалдык оюн 15-июлда өтмөкчү.