Орусиянын жеңишин орустар гана эмес, Аргентина, Мексика жана башка өлкөлөрдүн күйөрмандары да майрамдоодо

14-июнда Орусиянын Москва шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды. Аалам биринчилигинин ачылыш аземи британиялык ырчы Робби Уильямстын чыгармасы менен башталып, Орусиянын лидери Владимир Путиндин саламдашуу сөзү менен жыйынтыкталды.

Дүйнө биринчилиги Орусия-Сауд Арабия беттеши менен башталды. Анда орусиялыктар күтүлбөгөндөй ийгилик жаратты. Орус футболчулары 64 жылдан бери алгачкы жолу атаандашын 5:0 эсеби менен утуп алышты.

Беттеш жыйынтыкталган соң Москванын көчөлөрү дүйнөнүн ар бир бурчунан өз өлкөсүнүн курама командасын колдоо үчүн келген күйөрмандарга толду. Ар кайсы улуттун өкүлдөрү болгон футбол күйөрмандары бүгүнкү Орусиянын жеңишинин кубанычын тең бөлүшүп биргеликте майрамдоодо.

Футбол күйөрмандары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Adhambek
2018-06-15 00:32:23
Мен ишенгем Алга Россия жок дегенде 4/1 финалга барсын
+5
Dembele84
2018-06-15 04:03:30
Adhambek,4/1 финал жок,1/4 болушу мумкун!
+3
Azat.97
2018-06-15 01:39:20
Группасынан чыкса да 1/8 финалда Испанияга же Португалияга тушуп калат.Шанс жок орустарга ыргыйт.
+2
asil-08
2018-06-15 02:46:21
Эрте эле майрамдап алышыптыр го, между прочим эми оюн башталды суйунгонго эрте
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-06-15 03:05:25
asil-08,Сен анткениң менен күтүлбөгөн жеңиш болду! Бизге ушул орустар жеңип турганы эле тынч талаада жүргөндө көчөдө тынчыраак жүрөбүз!
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан