Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылышында Робби Уильямстын ырдап жатып камерага ортоңку манжасын көрсөткөнү интернет колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратты.
Кызуу талкууга алынган британиялык ырчынын бул жоругун көпчүлүк сынга алып, "Уильямстын бул жоругу көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты, ал ортоңку манжасын бир гана "Лужники" стадионунда отурган 80 миңден ашуун көрүүчүгө эмес, бүткүл дүйнө жүзүндөгү футбол күйөрмандарына көрсөттү", - деп билдиришкен.
Айта кетсек, 14-июнь күнү Орусияда футбол боюнча Дүйнө биринчилиги старт алган. Чемпиондуктун алгачкы күнүндө Орусиянын улуттук курама командасы Сауд Арабиясынын курамасын 5:0 эсебинде утуп алган.