14-июнда Орусиянын Москва шаарында "Лужники" стадионунда футбол боюнча 21-Дүйнө биринчилиги старт алды.
Футбол дүйнөсүндө эң беделдүү мелдеш болгон Дүйнө чемпиондугунун көшөгөсүн Орусия-Сауд Арабия беттеши ачып берди. Атталган беттеште талаа ээлери Сауд Арабия курама командасын 5:0 эсебинде жеңип алды.
Бүгүн, 15-июнда мелдештин 2-күнүндө тайпалык беттештер уланып "А" тайпасындагы Египет менен Уругвай улуттук курама командалары Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө кез келет. Беттеш Екатеринбург шаарындагы "Екатеринбург Арена" стадионунда орун алат.
Ал эми "В" тайпасындагы Марокко-Иран беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө Санкт-Петербург шаарындагы "Санкт-Петербург" стадионунда болмокчу.