Франция курамасынын чабуулчусу Антуан Гризманн "Атлетиконун" курамында кала турганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мен "Атлетикодогу" трансферлер боюнча долбоордон маалымат алдым. Ал абдан кубантарлык экен, клуб Чемпиондор Лигасын жеңүү үчүн колунан келген бардык аракетин кылууда. Дүйнө биринчилигине учарга бир күн калганда командада калууну чечтим. Мен басым болгонун сезүүдөмүн жана баарына жаңылышпаганымды далилдегим келет. Ошондой эле клубга жана клубда бирге ойногон спортчуларга ишене турганымды көрсөткүм келет", - деп билдирген Гризманн.
Буга чейин чабуулчу "Барселонага" өтөт деген маалымат тараган. Бирок "Атлетико" Гризманнга жылына 25 миллион евро айлык сунуштаса, ал эми "Барселона" 15 миң евро сунуштаганы белгилүү болду.