Сема: "Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна бир туугандарым менен келип күйөрмандык кылып жатабыз"

14-июнда Орусиянын Москва шаарында "Лужники" стадионунда футбол боюнча 21-Дүйнө биринчилиги старт алган. Дүйнө элин толкуткан футбол оюндарын жеринен көрүп, сүйүктүү командасына күйөрмандык кылгандар дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулган. Алардын катарында Кыргыз шоу-бизнесинин өкүлү, ырчы Сема жана анын бир туугандары да бар. Ырчы SUPER.KG порталына футбол тууралуу буларды айтып берди.

"Орусияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугуна атайын бир туугандарым Жанарбек, Тынарбек жана Айбек болуп келгенбиз. Төртөөбүз Кыргыз желегин көтөрүп алып чоң делегациядай болуп жүрөбүз. Бизди көргөн кыргыздар четинен кошулуп жатат. Бизден башка мекендештерде желек жок окшойт. Азырынча Кыргыз байрагын көтөргөндөрдү жолуктура элекпиз. Мен Испания менен Бразилияга, иним Жанарбек Франция, Аргентинага, Тынарбек Германияга, Айбек Англия менен Испанияга күйөрмандык кылып жатабыз", - дейт ал.

Белгилей кетсек, футбол дүйнөсүндө эң беделдүү мелдеш болгон Дүйнө чемпиондугунун көшөгөсүн Орусия-Сауд Арабия беттеши ачып берди. Атталган беттеште талаа ээлери Сауд Арабия курама командасын 5:0 эсебинде жеңип алган.

Бүгүн, 15-июнда мелдештин 2-күнүндө тайпалык беттештер уланып "А" тайпасындагы Египет менен Уругвай улуттук курама командалары Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө кез келет. Беттеш Екатеринбург шаарындагы "Екатеринбург Арена" стадионунда орун алат.

Ал эми "В" тайпасындагы Марокко-Иран беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө Санкт-Петербург шаарындагы "Санкт-Петербург" стадионунда болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Kanybek121195
2018-06-15 15:09:56
Молодцы бизден да бар екен
+9
Beknur10
2018-06-15 15:21:52
Красавчики братан, желекти сиз которгон экенсиз да? Кордум эле мен сизди
+7
Rasul94
2018-06-16 15:31:36
Beknur10,ал биз болчук
0
Meni_unut
2018-06-15 15:24:30
Патриот!
+5
Leilek91
2018-06-15 15:25:45
Достор Ставка коёйун дедим эле Эгипет Уругвайга Эгипетке койсом болобу
-6
Azat.97
2018-06-15 15:41:51
Leilek91,болбойт.Суарес тиштеп,чалып калп жыглып актёр болуп атып эле утуп алат
+2
Mularamov
2018-06-15 15:34:45
jakshy
jelekti
emkisinde tuura karmanyz
+3
Pchelka85
2018-06-15 16:07:50
Россия Саудовская Аравияны утканы орустар аябай ажиотаж кылыпызы чуу болуп атышат.. мындай алып караганда Саудовская Аравиянын командасы анчалык деле кучтуу команда эмес го. Ушунчалык суйунгудой..
0
KAYRATBEK
2018-06-15 16:07:52
Кимге куйормандык кылсанарда Кыргызстандын туусун он кармагыла жана туура кармагыла.
+4
Alixan-Nookat.2015
2018-06-15 20:06:23
KAYRATBEK,Менда ошону айтайын дегеним желегибизди тескери кармап алыптыр
+3
almanbetperm
2018-06-15 16:35:14
Кече коруп отуруп кордум желек которуп жургондорду, бир эле силер эмес
-3
Koichuman
2018-06-15 16:56:31
Азаматсыздар!форманыздар жакшына жарашыптырц.
+2
Jelezo
2018-06-15 16:58:48
Желекти оң көтөргүлө
0
MaksCharbak85
2018-06-15 17:26:22
Кыргызстан катышайбы дуйнолук чемпионатка
-3
Rasul94
2018-06-15 17:27:25
Биз да ошол жердебиз.биринчи корушубуз буйруса. Толкундануу болот экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан