ЖЫЛНААМА, 16-ИЮНЬ: "Танцор диско" атка конгон белгилүү "Болливуд" жылдызы Митхун Чакраборти 68 жашка чыкты

Митхун Чакраборти 1950-жылы 16-июнда Бенгалиянын түндүгүндө жайгашкан Калькутта шаарында төрөлгөн. Ата-энеси телефондук компанияда катардагы кызматкер болуп эмгектенишчү. Жөнөкөй үй-бүлөнүн кулуну Митхун кичинекей чагында эле кыйынчылыктардын бир тобун башынан өткөрүп, жокчулуктун даамын татып чоңойгон. Кийинчерээк үч карындаштуу болот. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле театр искусствосуна кызыгып, актёр болууну самачу. Бомбейге келиши менен кыялындагы кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө жаш болсо да жакындай баштаган эле. Тапшыруу сынагынан жылдыздуу жүзү жана аткаруучулук талантынын күчтүүлүгү үчүн кароо комиссиясын жеңген болсо, тилекке каршы, кедей-кембагалдардын катарынан чыккандыгы бир топ тоскоолдуктарды жаратат.

Атактуулукка болгон кадамдар

Алгачкы жолу Митхун киного тартылууну Дулал Гухтун "Эки бейтааныш" фильминде эки мүнөттүк эпизоддо ойноо менен баштаган. Бирок ошол учурдун эң таанымал жубайлары Амитабх Баччан менен Рекхалар дагы бул кинодо ойногондуктан, Митхундун бар же жогуна эч ким деле көңүл бөлгөн эмес. Мындан көп узабай эле "Падышалык улоо" аттуу фильминде баш каармандын ролун жараткан. Сантал уруусунан чыккан мергенчинин ролун эң жакшы жаратуу үчүн бул урууга кошулуп, алардын салт-санааларынан тартып мергенчиликте колдонгон ыкмаларына чейин өздөштүрүүгө да жетишет. 1976-жылы бул кино экран бетине чыгып, улуттук кинофестивалдан "Золотой лотос" сыйлыгына татыктуу болгон. Ал эми Митхун Чакраборти өлкөнүн мыкты актёру деп табылган. Бирок бат эле унутта калуу коркунучуна кабылат, башка кинолорго тартылууга сунуштар түшпөгөндүктөн Митхун майда-барат гана эпизоддорго тартылууга аргасыз болгон. Бир гана аткаруучулук жагынан эмес, бийчилик жагынан да таланттуу Митхун ошол кезде Рана Рез деген ат менен бий-шоуларга да катышчу. Карьералык даражасынын жогорулоо мезгили 1980-жылдарга туура келет. Анткени Митхун режиссёр Баббар Субхаштын "Танцор Диско" аттуу чоң долбооруна чакыруу алат. 1982-жылы бул кино жарыкка чыгып, Митхун популярдуулуктун туу чокусун багындырат.

Айтылуу "Танцор Диско"

Дал ушул фильм аркылуу Митхун Чакраборти киносүйүүчүлөрдүн жүрөгү­нөн орун алган. Күңүрт кинолордон тажаган жаштарга жаңы стиль менен жаралган “Танцор Диско” фильми башкача таасир калтырып, тез эле эң популярдуу киного айланат. Өкүнүчтүүсү, фильмдин күйөрмандары жер жүзүн­дө өтө эле көп болгондуктан, кинотеатрлардын кассаларында билет үчүн болгон талаш-тартыштардын айынан өлүмгө дуушар болгондор да бар. Ошондуктан Советтер Союзунун кээ бир өлкөлөрүндө бул фильмди көрсөтүүгө катуу тыюу салышкан.
Эс алуучу жайлардын бийлөө аянтында, радиоберүүлөрдө, үйдөгү магнитофондордо фильмдеги «I Am A Disco Dancer» («Мен Диско бийчиси») ыры жаңырып турган. Ал эми кээ бир жаштар өздөрүнүн кумири Митхундун бийлөө кыймылдарын кайталап бийлешер эле.
Кыскасы, Митхун ошол учурдун эң эле идеалдуу, төгөрөгү төп келишкен актёруна айланган. Музыканын коштоосундагы мушташ аралашкан бул фильм Баббар Субхаштын режиссёрлук жаатындагы алгачкы кадамы болсо да, Митхун экөөнүн атагын алыска тараткан.

Жеке жашоосу

Митхун Чакраборти Рана Рез деген псевдоним менен бийчи катары элге таанымал болуп турган кезде белгилүү фотомодель Хелен Льок менен жакын мамиледе боло баштайт. Көп узабай "Суракша" фильминен тапкан акчасына Хелен менен үйлөнүү тоюн өткөрөт. Ушул күндөн тартып анын үйүндө Хелендин ар түрдүү породадагы сүйүктүү иттери алар менен чогуу жашай башташат. Буга чейин Митхун иттерге эмес, балык багууга кызыкчу. Бирок азыркы учурда Митхундун 12 ити бар дешет. Тилекке каршы, жубайлар биргеликте көпкө жашашкан эмес. Дүйнө кыздарынын жүрөгүн жаралап, бир канча убакыт жалгыз жашаган. Бирок Митхундун да жүрөгүн Йогита Бали аттуу актриса багынтып, экөө баш кошушат. Учурда ортолорунда 3 уулу, 1 кызы бар. Эл арасында "көптөгөн кинолордо бирге тартылган шериги, индия кинолорунун супер жылдыз айымы Шри Деви менен Митхундун мамилеси бар" деген ушак кептер жүрөт. Бирок мындай ушактарды Митхун четке каккан. Легендарлуу актёр бир гана кино дүйнө­сүндө гана чектелбестен, бир канча мейманканалардын, киностудиялардын ээси.

16-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Snejana
2018-06-16 04:08:13
Аа... бул актёрду олду экен десе, башкасы го анда. Значить мен жакшы тааныбайт экенмин да.
-6
abusait
2018-06-16 15:12:04
Танцор диского бийлеп биринчиликти алгам мектепте.)))
+1
Okurmanchik92
2018-06-18 13:38:17
Митхундун кинолору менен чонойдук го. Азыркы муун аны тааныбайт дагы. Биз аны дагы эле жакшы коробуз. Ото суймончуктуу актёр.
0
tika78
2018-06-18 13:55:26
Зыңк Митхундай талантуу жок дүйнөдө ишенип койгула.
Индиядай кино тартуучуларда жок
Алар ушу азыркы биздин деңгээлге 80чи жылдары эле келген.
Буга тарых күбө.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан