Баткенде 10 жаштагы бала атасынын жашырып койгон куралын таап алып, чогуу ойногон досуна ок чыгарды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында 10 жашар бала 9 жаштагы баланы кокустан атып алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагындагы Кара-Шоро айылынын 43 жаштагы тургуну М.Ж. турак үйүнүн жанында жайгашкан мал сарайынын ичине ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу куралын жашырып койгон. Мындан улам үй эсинин 10 жаштагы уулу Э.А. куралды таап алып, айылга жайкы эс алууга келип чогуу ойноп жаткан 9 жаштагы Н.А. атуу өспүрүмгө кокусунан ок чыгарып алган. Натыйжада Н.А. бетинин оң жагынан жаракат алып, ата-энеси тарабынан Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген. Анын бетинин оң жагынан 5,6мм калибриндеги ок алынган. Кадамжай РИИБинин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, 43 жаштагы М.Ж.га таандык болгон ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал эч кандай мыйзамдуу документи жок сакталганы жана каттоодо турбагандыгын аныкташкан. Учурда бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
33SUUN
2018-06-15 19:03:57
Кудай сактаптыр баланы.
+10
Aika92Suma
2018-06-15 19:36:14
33SUUN,кечириниз минус басылып кетти !!!
0
Sezimim...
2018-06-16 16:01:17
Кудай чон сактаптыр.Шугур ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан