Бүгүн, 15-июнда Орусиянын Екатеринбург шаарында футбол боюнча Египет-Уругвай курама командалары беттешти. Оюн шаардагы "Екатеринбург-Арена" стадионунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө башталып, Уругвай курамасы атаандашын 1:0 эсебинде жеңди.
Таймаш башталганга чейин эки команданын күйөрмандары бири-бири менен жылуу учурашып, өздөрүнүн командаларын сүрөп кыйкырып жатышты. Облус бийлиги футбол көрүчүүлөр абдан көп экенин, 30 миңдей билет сатылып кеткенин жергиликтүү маалымат булактарына билдирген. Бирок кийинчерээк орусиялык басылмалардын бири, тескерисинче, стадиондогу алдыңкы орундуктар бош калганын жазды.
Анда белгиленгендей, негизинен билеттер бир аз арзаныраак боло турган бөлүктөрдө орундуктар көрүүчүлөргө толуп турган. Андыктан буга чейин билеттин баары сатылып кетсе, эмне үчүн орундуктар бош калды деген суроо көбүндө жаралды. "Екатеринбург-Арена" стадиону 35 миң кишиге ылайыкталган.
Египет курама командасынын чабуулчусу Мохаммед Салах бүгүн, 15-июнда 26 жашка толду. Бул жолку кез келүү футболчунун туулган күнүнө туш келген. Чемпиондор Лигасында Салах ийининен жаракат алып, күйөрмандары анын бат сакайып кетүүсүнө тилектеш болуп жатышкан. Дүйнө чемпиондугуна келгени менен Салах команданын запасында кармалып турду. Египет курамасы оюнчуну 3 жолу алмаштырганы менен Салах оюн талаасына чыккан жок.
Салахтан мыкты оюнду күткөн футбол сүйүүчүлөр бул мелдешке "тойбой" калгандарын билдиришүүдө.