Кечээ, 14-июнда Орусиянын Москва шаарында футбол боюнча 21-Дүйнө биринчилиги старт алды. Ал эми бүгүн 15-июнда мелдештин 2-күнүндө тайпалык беттештер уланып "А" тайпасындагы Египет менен Уругвай курама командалары беттешти. Беттеш Екатеринбург шаарындагы "Екатеринбург Арена" стадионунда орун алды.
17:50. Египет курамасынын тизмеси:
Дарбазачы: Ахмед Эль-Шенави;
Коргоочулар: Ахмед Фатхи ("Аль-Ахли"), Мохамед Абдель-Шафи ("Аль-Фатех", Сауд Арабиясы), Ахмед Хегази, Али Габр ("Вест Бромвич", Англия)
Жарым коргоочулар: Мохамед Эль-Ненни ("Арсенал", Англия), Тарек Хамед ("Замалек", Египет), Абдалла Саид ("КУПС", Финляндия), Амир Варда ("Атромитос", Греция)., Махмуд Трезеге (Касымпаша, Түркия).
Чабуулчулар: Маруан Мохсен ("Аль-Ахли", Сауд Арабиясы);
17:51. Уругвай курамасынын тизмеси:
Дарбазачы: Фернандо Муслера ("Галатасарай", Түркия).
Коргоочулар: Диего Годин, Хосе Мария Хименес ("Атлетико", Испания), Мартин Касерес ("Лацио", Италия), Гильермо Варела ("Пеньяроль");
Жарым коргоочулар: Родриго Бентанкур ("Ювентус", Италия), Найтан Нандес ("Бока Хуниорс", Аргентина), Матиас Весино ("Интер", Италия), Жоржиан де Арраскаэта ("Крузейро", Бразилия).
Чабуулчулар: Эдисон Кавани (ПСЖ, Франция), Луис Суарес ("Барселона", Испания).
17:52. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Египеттин гимни жаңырса, андан соң Уругвайдын мамлекеттик гимни жаңырды.
17:55. Беттештин башкы калысы голландиялык Бьорн Куйперс болмокчу.
18:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып алгачкы тайм башталды.
18:02. Уругвай курамасы алгачкы чабуулун баштап, бирок атаандашынын коргоо бөлүгүнөн өтө алган жок.
18:05. Эки команда тең оюнду ылдамдыкта жүргүзүп, бирок топту көпкө кармай албай турган кези.
18:08. Алгачкы сокку. Уругвай футболчулары орто бөлүктөн топко ээ болуп, Каванинин алыскы аралыктан узаткан соккусу менен топту жоготту.
18:12. Египет курамасы дагы бул беттешке жакшы даярданганын көрсөттү. Трезеге сокку узатса, Уругвайдын дарбазачысы Муслера топту кооз секирип тосуп алды.
18:15. Беттештин 15-мүнөтүнүн жыйынтыгында топко 53 пайыз Египет курамасы ээлик кылса, Уругвай 47 пайызга ээ.
18:16. Кооптуу абал. Уругвайдын коргоочусу атаандашын жыгып, аларга айып сокку узатууга мүмкүнчүлүк берди.
18:17. Айып соккуну Марван Мохсен аткарды, айып аянтчага көтөргөн тобу таамай болбой калып топту атаандашына тарттырып жиберди.
18:19. Эскерте кетсек, Египет курамасынын башкы жылдызы Салах оюн талаасына алгачкы мүнөттөрүнөн чыккан жок. Бирок чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, башкы калыс Эктор Купер Салах беттешке даяр экенин айткан.
18:26. Луис Суарес бурчтан көтөрүлгөн топту жыйынтыктап 5 метр аралыктан сокку узатты. Анын узаткан соккусу таамай болбой, топ дарбазадан 20 сантиметр алыстыкта өтүп кетти.
18:28. Матиас Весино (Уругвай) алыскы аралыктан күчтүү сокку узатты, бирок топ дарбазага барган жок.
18:31. Трезеге (Египет) атаандашын футболкасынан кармаганы үчүн калыстын ышкырыгы жаңырып, Уругвай айып сокку узатат.
18:32. Айып соккуну Луис Суарес аткарып, бирок топ футболчулардан түзүлгөн дубалга туш келди.
18:37. Нандес (Уругвай) Египеттин айып аянтчасына топту көтөрүп берди, топко алгач болуп дарбазачы жетип топту ээлеп алды.
18:40. Негизги убакыттын соңуна 5 мүнөт калганда оюндун ылдамдыгы бир аз азайып калды.
18:45. Башкы калыс 1-таймдын негизги убакытына 1 мүнөт кошуп берди.
18:46. Бьорн Куйперстин ышкырыгы жаңырып, командалар тыныгууга кетишти. Алгачкы таймда атаандаштар бир нече жолу кооптуу абалдарды жаратканы менен эсеп санын ача алышкан жок.
19:04. Оюндун 2-бөлүгү старт алды.
19:05. Луис Суарес гол киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Суарес дарбазачы менен бетме-бет чыгып кооптуу сокку узатты. Египеттин голкипери буту менен топту тосуп, өз дарбазасын сактап калды.
19:07. Египет курамасында алмашуу. Тарек Хамед жаракат алып, оюн талаасын таштоого аргасыз болду, анын ордуна оюнга Сэм Морси кирди.
19:15 Статистикага көңүл бурсак, Уругвай топко 55 пайыз ээлик кылып жатат. Соккулар боюнча Египет 5 сокку узатса, Уругвай курамасы 7 сокку узатты. Ал эми эреже бузуулар боюнча 4:4.
19:17. Уругвайдын машыктыруучусу 2 оюнчуну алмаштырды. Арраскаэтанын ордуна Кристиан Родригес чыкса, Карлос Санчес Наитан Нандестин ордуна оюн талаасына чыкты.
19:21. Египет курамасында дагы алмашуу орун алды. Марван Мохсендин ордуна оюн талаасына Кахраба чыкты.
19:25 Уругвайлыктар топко көбүрөөк ээлик кылып жатканы менен чабуулдары ийгиликтүү болбой жаткан кези. Бир нече кооптуу соккуларды жасаган уругвайлыктардын соккусун коргоочулар жана дарбазачы тосуп алууда.
19:30 Суарес кайрадан Эль Шенави менен бетме-бет чыкты. Эль Шенави Суареске сокку узатууга мүмкүнчүлүк бербей, алдына секирип топту тартып алды.
19:35. Беттештин соңуна 15 мүнөт убакыт калды, эсеп саны 0:0.
19:37. Египеттин оюнчулары каршы чабуулга чыгып, уругвайлыктарды тынчсыздандырды. Кахраба атаандашынын айып аянтчасына чейин жетип, топту Абдулла Саидге багыттаган. Бирок Уругвайдын коргоочусу топко эртерээк жетип, топту айып аянтчасынан алыска чыгарды.
19:42. Египет курамасында үчүнчү алмашуу орун алды. Ами Варда оюн талаасын таштап, оюнга Рамадан Собхи кирди. Муну менен Мохаммед Салах оюн талаасына чыкпай калды.
19:45. Египеттин оюнчусу Фатхи оюн эрежесин бузуп, атаандашына сокку узатууга мүмкүнчүлүк берди.
19:46. Эдисон Кавани кооптуу айып сокку узатты. Анын соккусу дарбазанын таякчасына тийип, египеттик оюнчулар топту өз дарбазасынан алыс чыгарышты.
19:47. Абдель-Шафи кайрадан эреже бузганга үлгүрдү. Топко Карлос Санчес жакындоодо.
19:48. Гооол! Уругвай курамасы эсепти 1:0 кылды. Карлос Санчестин чыгарып берүүсүн Мария Хименес жыйынтыктап эсепти 1:0 кылып кетти.
19:50. Трезеге (Египет) эреже бузганы үчүн сары айып кагазын алды.
19:53. Ахмед Хегази (Египет) эреже бузуп, сары кагазга туш болду.
19:55. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш соңуна чыкты.
19:56. Муну менен Уругвай курама командасы акыркы мүнөттөрдө жеңишти илип кетип, алгачкы 3 упайына ээ болду.