Марокконун оюнчусу акыркы мүнөттө өз дарбазасына киргизген голунан улам Иран курамасы жеңишке ээ болду

Орусияда футбол боюнча Дүйнө биринчилиги өтүүдө. Бүгүн, 15-июнда мелдештин 2-күнүндө тайпалык беттештер уланып, "В" тайпасында Марокко-Иран беттеши өтүп жатат. Оюн Санкт-Петербург шаарында орун алууда.

20:45 Марокко курамасынын тизмеси

Дарбазачылар: Мунир Мохамеди ("Нумансия" Испания);

Коргоочулар: Медхи Бенатия ("Ювентус" Италия ), Ромен Саисс ("Вулверхэмптон" Англия), Ашраф Хакими ("Реал Мадрид" Испания),

Жарым коргоочулар: Юнес Бельханда ("Галатасарай" Түркия), Хаким Зиеш ("Аякс" Нидерланд), Нордин Амрабат ("Леганес" Испания), Карим Эль-Ахмади, ("Фейеноорд" Нидерланд) Мубарак Буссуфа ("Аль-Жазира" Бириккен Араб Эмираттары),

Чабуулчулар: Юссеф Эн-Несири ("Малага" Испания), Азиз Бухаддуз ("Санкт-Паули" Германия), Аюб эль-

Башкы машыктыруучу: Эрве Ренар (Франция).Кааби ("Ренессанс Беркан" Марокко), Амин Арит

20:50 Иран курамасынын тизмеси:

Дарбазачылар: Алиреза Бейраванд ("Персеполис" Иран)

Коргоочулар: Эхсан Хажсафи ("Олимпиакос", Греция), Рузбех Чешми ("Эстегляль" Иран), Мортеза Пурлиганжи ("Аль-Садд" Катар), Рамин Резаэян("Остенде" Бельгия).

Жарым коргоочулар: Масуд Шожаи ("АЕК" Греция), Омид Эбрахими ("Эстегляль" Иран), Вахид Амири("Персеполис" Иран).

Чабуулчулар: Карим Ансарифард ("Олимпиакос" Греция), Алиреза Яханбакш ("АЗ" Голландия), Сердар Азмун ("Рубин" Орусия),-

Башкы машыктыруучу: Кейрош Карлуш (Португалия)

20:55 Беттешти түркиялык калыстар тейлемекчи. Башкы калыс Жюнейт Чакыр.

21:00 Калыстын ышкырыгы жаңырып оюн старт алды.

21:03 Алгачкы мүнөттөрдө Марокко курама командасы чабуулга чыгып, топту 2 жолу бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алды.

21:09 Калыстын ышкырыгы жаңырып, Иран курамасынын оюнчусу эреже бузганы үчүн сары айып кагазын алды.

21:17 Марокко футболчулары кооптуу абал жаратты. Атаандашынын айып аянтчасында 4 жолу сокку узатканга үлгүрсө, Ирандын футболчулары топту өз денеси менен тосуп, гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген жок.

21:35 Карим Эль-Ахмади (Марокко) атаандашын жыгылтканы үчүн сары айып кагазын алды.

21:37 Иран курамасынын оюнчусу Азмун жаракат алып, медициналык жардам алууда.

21:40 Алгачкы таймдын аягына 5 мүнөт калды. 40 мүнөттүн жүрүшүндө Марокко курамасы топко 70 пайыз ээлик кылса, Иран 30 пайыз топту өзүндө кармады. Соккулар боюнча 9:4, Марокко алдыда. Эреже бузуу боюнча 4:9, ирандык футболчулар көбүрөөк эреже бузууда.

21:43 Сердар Азмун коргоочуларды алдап өтүп, дарбазачы менен бетме-бет чыгып сокку узатты. Аны дарбазачы уруп чыгарса, ирандык футболчу 2-соккуну узатты. Муну да дарбазачы тосуп алып, өзүнүн чеберчилигин көрсөттү.

21:45 Калыс беттештин алгачкы таймына 2 мүнөт кошту.

21:47 Чакырдын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аягына жетти. Командалар тыныгууга кетишти.

22:05 2-тайм башталды.

22:07 Алгачкы мүнөттөрдөн элеэле Жюн Чакыр эреже бузууну байкап Алиреза Жаханбахшты (Иран) сары айып кагазы менен жазалады.

22:12 Эки тарап тең орой оюн көрсөтүп, улам сайын Чакырдын ышкырыгы жаңырууда.

22:16 Омид Эбрахими (Иран) жаракат алып, дарыгерлердин жардамына муктаж болууда.

22:20 60-мүнөттөн кийин Марокко курамасы топко 67 пайыз ээлик кылса, Иран 33 пайыз топту өзүндө кармады. Соккулар боюнча 10:9, Марокко алдыда. Эреже бузуу боюнча 9:15, ирандык футболчулар көбүрөөк эреже бузууда.

22:26 Алгачкы алмашуу орун алууда. Ирандын машыктыруучусу команданын капитаны Шожаеинин ордуна Мехди Таремини (Иран) чыгарды.

22:29 Алиреза Жаханбахш кооптуу абал жаратканга үлгүрдү. Ирандык футболчу атаандашынын айып аянтчасында 2 коргоочуну алдап пас чыгарып берүүнү көздөгөн. Бирок пас топтолуп турган коргоочулардан өтпөй калды.

22:34 Нордин Амрабат (Марокко) атаандашы менен топ талашып жаракат алып калды. Оюн талаасын таштаган Нордим Амрабаттын ордуна Софьян Амрабат чыкты.

22:35 Марокколук машыктыруучу дагы бир алмаштыруу жасады. Азиз Бухаддуз (Марокко) Аюб Эль-Каабинин ордуна чыкты.

22:38 Дагы бир оюнчуну алмаштыруу. Иран курама командасынын негизги оюнчусу Омид Эбрахими жаракат алып, оюн талаасын таштады. Анын ордуна Пежман Монтазери чыкты.

22:43 Мануэль Да Кошта (Марокко) Амин Харитти алмаштырды.

22:44 Кайрадан Ирандын машыктыруучусу кезексиз алмаштыруу жасоого аргасыз болду. Алиреза Жаханбахш жаракат алып, анын ордуна талаага Саман Годдос чыкты.

22:50 Башкы калыс Жюнейт Чакыр негизги убакытка 6 мүнөт кошту.

22:52 Карим Ансарифард (Иран) атаандашын чабуулун орой токтоткону үчүн сары айып кагазын алды.

22:53. ГО-О-ОЛ! Иран курама командасы алдыга чыкты. Оюндун соңуна 2 мүнөт калганда Марокко курамасынын оюнчусу Азиз Бухаддуз ката кетирип өз дарбасына киргизип алды.

22:56 Жюнейт Чакырдын ышкырыгы жаңырып оюн аягына жетти.

22:57 Иран курама командасына ийгилик жылмайып акыркы мүнөттө жеңишти багындырды.

22:58 "В" тайпасындагы беттештер Португалия менен Испания курама командаларынын беттеши менен уланат. Ал 16-июнга караган түнү саат 00:00дө орун алат.

Марокко -Иран
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Chungyz
2018-06-15 21:18:13
Иран утат
+1
umar.kgz
2018-06-15 21:47:33
Иран вперед
0
kutlibek
2018-06-15 23:11:29
Автогол
0
Paol
2018-06-16 01:09:06
Иши кылып ушул чемпионат тыынч өтүп кетсе экен мигранттарга эле кыйын
+3
Patoshik1
2018-06-16 03:13:34
причем тут мегрант. далдыр бомж.футбол кор
-7
pochtalyonin
2018-06-16 14:42:46
Patoshik1,келсен кормоксун бир кундо 27жолу документини текшерип ,отпечатканы алып тажатышмак ...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан