Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Египет менен Уругвайдын ортосундагы беттеште стадиондо бош калган орундуктар боюнча териштирүүнү баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
ФИФАнын өкүлү билдиргендей, оюнга 32 миң 278 билет сатылган, бирок стадионго 27 миңдей гана адам келген. "Мындай көрүнүш ар кандай себептер менен түшүндүрүлүүдө. Алардын бири - билеттерди сатып алып кайра сатуу. ФИФА ушундай жол менен сатып алынган билеттерди жокко чыгарып, бул маселе менен күрөшүп жатат.
Айта кетсек, аталган беттеш кечээ, 15-июнда "Екатеринбург Арена" стадионунда өткөн. Жергиликтүү бийлик футбол көрүчүүлөр абдан көп экенин, 30 миңдей билет сатылып кеткенин билдирген. Бирок кийинчерээк орусиялык басылмалардын бири, тескерисинче, стадиондогу алдыңкы орундуктар бош калганын жазган. Анда белгиленгендей, негизинен билеттер бир аз арзаныраак боло турган бөлүктөрдө орундуктар көрүүчүлөргө толуп турган. Андыктан буга чейин билеттин баары сатылып кетсе, эмне үчүн орундуктар бош калды деген суроо көбүндө жаралган. "Екатеринбург-Арена" стадиону 35 миң кишиге ылайыкталган.
Уругвай менен Египеттин беттеши 1:0 эсеби менен түштүк америкалык курама команданын утушу менен аяктаган.