Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ай-Сай, Көк-Сай, Тогуз-Булак айылдарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сел кечээ, 15-июнда саат 16:30 чамасында аталган айылдарда жүргөн. "Ак-Сай айылындагы 32 турак үйдүн короолоруна, Көк-Сай айылындагы 5,5 гектар айдоо аянттарын жана Тогуз-Булак айылындагы 40 метр ички чарбалык жолду сел каптаган. Мындан тышкары Ак-Сай айылындагы селден коргоочу дамбанын 4 метр жерин суу жууп кеткен. Кесепеттерди жоюу үчүн ӨКМнын райондук бөлүмүнүн башчысы, 5 куткаруучу, айыл аймактан 1 экскаватор, 20 адам тартылган. Селден коргоочу дамбанын суу жууп кеткен 4 метр жери айыл аймактан бөлүнгөн 100 даана капка кум толтурулуп бекемделген", - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.