Бүгүн Франция, Аргентина курамалары алгачкы беттешин өткөрөт

Бүгүн, 16-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын алкагында 8 команданын өз ара беттеши орун алат. Анда мелдештин 3-күнүндө "С" жана "D" тайпаларында Франция-Австралия, Аргентина-Исландия, Перу-Дания жана Хорватия-Нигерия курама командалардын беттеши өтмөкчү.

Франция менен Австралия курамаларынын беттеши Казань шаарынын "Казань Арена" стадионунда орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Аргентина менен Исландия командаларынын беттеши Москва шаарындагы "Спартак" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө старт алат.

Перу-Дания беттеши Сарансктагы "Мордовия Арена" аттуу стадиондо өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Хорватия жана Нигерия курамаларынын беттеши 17-июнга караган түнү саат 01:00дө башталып, "Калининград" стадионунда өтмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Farm94
2018-06-16 11:41:46
Аргентина Хорватия алгааа
+6
toktor89
2018-06-16 11:44:06
Аргентина женилет болуш керек анткени бизден женилген.;))
-6
Rasul94
2018-06-16 13:08:52
toktor89,бизден дегенин кай жак ошондо
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-06-16 13:11:17
toktor89,Түшүңдөбү?!Сен жаштар арасындагы футбол боюнча айтып жатат окшойсуң! Биз биринчи Озубокстанды жеңип алайлыкчы!
+2
Edward.14
2018-06-16 13:28:27
Аргентинага ийгилик
-2
aszyma
2018-06-16 13:29:43
Месси Апгентина беде
-1
Syimyk.isaev
2018-06-16 13:30:04
Францияга ийгилик
+2
FCB14
2018-06-16 14:05:28
Аргентина ийгилик сага!
-3
Syimyk.isaev
2018-06-16 14:22:39
FCB14,Месси гол сая алат бекен?
-3
maks.kgz
2018-06-16 14:05:59
Алга месси ийгилик
-2
Adhambek
2018-06-16 15:18:01
Франция Аргентинага ийгилик
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан