Кыргыз балбандар Индияда өтө турган жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш Нью-Дели шаарында 17-22-июнь аралыгында өтмөкчү. Ага Кыргыз өлкөсүнөн 10 спортчунун катышуусу күтүлөт.
Эске салсак, 2017-жылы Тайбэйде өткөн Азия биринчилигинде Кыргыз балбандар 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль утуп алышкан.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
55 килограммга чейинки салмак ченинде: Азамат Боронов - спорт чебери;
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Таластан Канжарбек уулу - спорт чебери;
63 килограммга чейинки салмак ченинде: Эльдияр Сатаров - спорт чебери;
67 килограммга чейинки салмак ченинде: Халмурат Ибрагимов - спорт чебери;
72 килограммга чейинки салмак ченинде: Бексултан Назарбаев - спорт чебери;
77 килограммга чейинки салмак ченинде: Темирлан Бектурдиев - спорт чеберине талапкер;
82 килограммга чейинки салмак ченинде: Азат Салидинов - спорт чеберине талапкер;
87 килограммга чейинки салмак ченинде: Медер Абыкеев - спорт чебери;
97 килограммга чейинки салмак ченинде: Данияр Шеримбеков - спорт чебери;
130 килограммга чейинки салмак ченинде: Мурат Омаров - спорт чебери;
Ага машыктыруучу: Шухрат Ушуров.