Сокулук РИИБинин жана ИИМдин кызматкерлери кылмышка шектүү адамдын качып кетишине жол бергени үчүн жазаланды

Сокулук РИИБинин жана ИИМдин кызматкерлери кылмышка шектүү адамдын качып кетишине жол бергени үчүн жазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-майда 404 грамм маңзат менен Ш.Ш. аттуу жаран кармалган. "Кылмышка шектүү жаранды кайтаруу толук камсыз болбогондуктан ал оңой эле качып кеткен. Мындан улам Сокулук РИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөт тескөөчүсүнө, ИИМдин баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысына эскертүү, Сокулук РИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын башчысына, Сокулук РИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөтүү тобунун милиция кызматкерине катуу сөгүш тартиптик жазалары берилди. Ошондой эле ИИМдин баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам изилдөө башкармалыгынын башчысына жана Сокулук РИИБинин башчысынын орун басарына сөгүш жарыяланды", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Suior85
2018-06-16 13:39:43
Болдубу жетеби ошо
+6
senchi
2018-06-16 14:25:20
Иштен айда согуш мен деле согуп койом, акчаны алды согуш жарыялап койду
+2
senchi
2018-06-16 20:34:09
Качырган адамды таптыр ошондо согушту бер
0
munar1980
2018-06-17 09:25:49
Согуш берсенер ото эле кыйын экенсинер бул эн катуу жаза да
+2
shahlet
2018-06-17 09:35:12
ИИМде ушундай абал болсо, эл кимге ишенет! Алардын айынан бир кыз да бул жашоодон коштошкон болчу
+1
Kg.paren
2018-06-17 09:38:02
ордуна камаш керек качырган адамдарды согуш жарыяны жок кылыш керек согуш жарыялагандан не толк мисалы ал кычып чыгып бироону олтуруп койсо ме болот ким куноолу
+1
bond02
2018-06-17 09:43:23
Эмне деп сокконун да айтып койсо болмок, ой келет да алчусун алды да кое берди деген.
+3
aerforce
2018-06-17 10:02:30
Сегизбаевтин оордуна ким болду?
0
tttalant
2018-06-17 19:14:48
Согуш бул тилдеген эмес бул башка нерсе....
0
Malik92
2018-06-18 18:32:24
Супер инфо согуш берлди дегенди кантип тушунсо болот тактап бергилечи сураныч.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан