Хорватия 2:0 эсеби менен Нигерия курамасын утуп алды

17-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "D" тайпасынын оюндарынын алкагында Орусиянын Калининград шаарында Хорватия менен Нигерия курама командаларынын беттеши өтөт. "Калининград" стадионунда орун алып жаткан беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат. Беттештин башкы калысы бразилиялык Сандро Риччи болмокчу.

00:50 Хорватия курамасынын тизмеси:

Дарбазачы: Даниел Субашич ("Монако", Франция);

Коргоочулар: Домагой Вида ("Бешикташ", Түркия), Иван Стринич ("Сампдория", Италия), Деян Ловрен ("Ливерпуль", Англия), Шиме Врсалько("Атлетико", Испания);

Жарым коргоочулар: Лука Модрич ("Реал Мадрид", Испания), Иван Ракитич ("Барселона", Испания);

Чабуулчулар: Марио Манжукич ("Ювентус", Италия), Иван Перишич ("Интер", Италия), Андрей Крамарич ("Хоффенхайм", Германия), Анте Ребич ("Айнтрахт", Германия).

Башкы машыктыруучу: Анте Чачич, Златко Далич (Хорватия).

00:53 Нигерия курама командасынын тизмеси:

Дарбазачы: Фрэнсис Узохо ("Депортиво", Испания);

Коргоочулар: Абдуллахи Шеку ("Бурсаспор", Түркия), Уильям Эконг ("Ден Хааг", Голландия), Брайн Идову ("Амкар", Орусия), Леон Балогун ("Майнц", Германия),

Жарым коргоочулар: Жон Оби Микел ("Тяньцзинь Тэда", Кытай), Уилфрид Ндиди ("Лестер", Англия), Огхенекаро Этебо ("Лас-Пальмас", Испания),

Чабуулчулар: Одион Игало ("Чанчунь Ятай", Кытай), Алекс Ивоби ("Арсенал", Англия), Виктор Мозес ("Челси", Англия).

Башкы машыктыруучу: Гернот Рохр (Германия).

00:56. Футболчулар оюн талаасына чыгып, командалардын өлкө гимндери жаңырууда. Алгач Хорватиянын гимни чыкса, экинчи Нигериянын гимни жаңырды.

00:57. Командалар өз ара учурашып, беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат.

01:00. Беттеш башталды. Алгачкы мүнөттөрдөн эле эреже бузулуп, Нигерия айып сокку аткарат.

01:02. Андрей Крамарич кооптуу абал жаратууга аракет жасаган, бирок офсайд абалында болуп калгандыктан калыс чабуулду токтотту.

01:06. Азырынча нигериялыктар атаандашына сокку узатууга мүмкүнчүлүк бербей коргонууда жакшы оюн көрсөтүүдө.

01:08. Алгачкы бурчтан чыгаруу. Аны хорватиялык Лука Модрич аткарат.

01:11. Микел хорватиянын айып аянтчасына топту көтөрүп берди, бирок топко алгач дарбазачы Даниэль Субашич жетип, топту алып койду.

01:14. Иван Перишич мыкты сокку менен айырмаланды. Алыскы аралыктан узаткан соккусу дарбазадан бир аз эле бийик өтүп кетти.

01:18. Деон Балогун орой ойноп, оюн эрежесин бузду. Калыс ышкырып, хорватиялыктар айып сокку аткарат.

01:20. Лука Модричтин көтөрүп берүүсү таамай болгон жок. Топко алгач нигериялык дарбазачы жетти.

01:24. Нигериянын позициялык чабуулдары ишке ашпай жаткан кези, алар атаандашынын жарым бөлүгүнө өткөндө эле топту жоготуп жатышат.

01:30. Ракитич атаандашын артынан жыгылтканы үчүн сары айып кагазын алды.

01:32. Го-о-о-л!!! Эсеп 1:0. Хорватия курамасы эсеп санын ачты. Марио Манжукичтин башы менен узаткан соккусунан улам топ Этебого тийип гол кирип кетти. Автогол!

01:40 40-мүнөттүн соңунда топко ээлик кылуу боюнча: 55 пайыз Хорватия, 45 пайыз Нигерия. Соккулар боюнча 7:4 хорватиялыктар алдыда.

01:44. Калыстын ышкырыгы жаңырууда. Анте Ребич эреже бузду.

01:45. Беттештин 1-бөлүгү аягына чыкты. Калыс кошумча 2 мүнөт убакыт берди.

01:48. 1-тайм аягына жетип, Сандро Риччи оюнду токтотту.

02:04 2-тайм старт алды.

02:05 Нигериялыктар катары менен 3 жолу топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алышты. Бирок хорватиялыктар сокку узатууга жол берген жок.

02:07. Иван Ракитич алыскы аралыктан күчтүү сокку узатты. Топ дарбазадан бийик өтүп кетти.

02:10. Одион Игало атаандашынын айып аянтчасында эреже бузду. Атаандашын жыгылтпаганда жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болмок.

02:16. Лука Модрич кайрадан эреже бузууда. Мындай учур дагы кайталанса сары айып кагазын алуусу ыктымал.

02:18. Хорватиялыктарда алмаштыруу орун алды. Андрей Крамаричтин ордуна Марцело Брозович оюн талаасына чыкты.

02:20. Нигериянын машыктыруучусу дагы оюнчусун алмаштыруу чечимин кабыл алды. Ахмед Муса Алекс Ивобинин ордуна чыкты.

02:27. Пенальти! Уильям Трост-Эконг Манжукичке карата эреже бузуп, сары айып кагазы менен белгиленди.

02:29. Го-о-о-л! Лука Модрич пенальтини ийгиликтүү аткарып, эсепти 2:0 кылды.

02:33. Кезектеги алмаштыруу Одион Игало оюн таласынан кетти, аны Келети Ихеаначо алмаштырды.

02:35. Ошондой эле Хорватиянын курамында алмаштыруу, Анте Ребичти Матео Ковачич алмаштырды.

02:41. Командалардын топко ээлик кылуу боюнча статистикада 55 пайыз менен Хорватия алдыда.

02:44. Марио Манжукич оюн талаасын таштап, Марко Пьяца анын ордуна ойнойт.

02:46. Нигериялыктарда алмашуу орун алды Оби Микелдин ордуна Сими чыкты.

02:47. Марцело Брозович эреже бузуп, сары айып кагазын алды.

02:49. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 4 мүнөт кошуп берди.

02:53. Беттеш аяктады. Муну менен Хорватия курамасы 3 упайга ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Chungyz
2018-06-17 01:02:45
Хорватия алга
+2
nurgaz
2018-06-17 01:03:53
Алга Нигерия!
+1
Chungyz
2018-06-17 01:10:39
3 гол киргизсен болот
-2
Chungyz
2018-06-17 01:14:13
Касалдар букмекерде жашап калса керек
-1
Chungyz
2018-06-17 01:33:45
Гооооол
-1
Zainidin96
2018-06-17 01:36:42
Хорватия:1-нигерия:0- хорватия алга гоооол!
-1
kalima88
2018-06-17 04:35:48
Жыргап көрүп келдик, Етебо топ кеткенин өзү түшүнбөй калды окшойт, нес болуп эле туруп калды.
-1
kalima88
2018-06-17 04:38:14
Москвада чоң экрандан көргүсү келгендер дин кулагына күмүш сырга.

Афимоллдун 6 чы кабатында атайын орнотулган экран бар, барып көрүп келсеңер болот.
+3
Ulik-real
2018-06-17 04:57:00
Бугун кыргыз таксист москвада мексиканын болельщиктерин сузуп кетиптир орто жолдон мен,башкасы 2саат дегенде чыктык ровдан этият болгучы Кыргыздар
+2
Spartak16
2018-06-17 04:58:29
Жөн эле минус койо берген малдар бар экен. Эмне сөз жазса эле минус койо берген. Буларды мал эле дейт башка сөз жок.
-1
Rasul94
2018-06-17 10:58:50
ЧМда Реалдын оюнчулары ийгилик жаратууда
+2
Isco22
2018-06-17 16:42:05
Охооооо любой жерде РЕАЛ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан