Бүгүн, 17-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын алкагында 6 команданын өз ара беттеши орун алат. Анда мелдештин 4-күнүндө "F" жана "E" тайпаларында Коста-Рика-Сербия , Германия-Мексика жана Бразилия-Швейцария курама командаларынын беттеши өтөт.
Коста-Рика менен Сербия командаларынын беттеши "Самара Арена" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө старт алат.
Германия менен Мексика курамаларынын беттеши Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.
Бразилия-Швейцария беттеши "Ростов Арена" аттуу стадиондо өтөт. Беттеш 18-июнга караган түнү саат 00:00дө башталат.