16-17-июнь аралыгында Бишкекте жеңил атлетика боюнча Олимпиада оюндарынын чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган эл аралык мелдеш өттү. 21-ирет уюшулуп жаткан мелдеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп, ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Кыргыз өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу катышты.
Спортчулар алыстыкка секирүү, бийиктикке секирүү, шыргый менен секирүү, шыргый ыргытуу сыяктуу спорт түрлөрүнөн күч сынашты.