Москвада жол кырсыгына шектелген Кыргыз жараны: "Жол кырсыгына чейин 20 саат уктаган эмесмин"

Москва шаарынын полициясына автоунаасы менен топтошкон адамдарды сүзүп кеткен Кыргыз жараны сурак берди. Бул тууралуу видео жарыяланды.

Анда жол кырсыгына шектелген 28 жаштагы Ч.А. 2-3 саат гана уктап, 20 сааттан бери тынымсыз унаа айдап жүргөнүн айтты. Ал газ менен тормозду алмаштырып алып топтошкон адамдарды сүзүп кеткенин билдирди.

"Мен Орусияда эч убакта эреже бузган эмесмин. Документтеримдин баары жайында. Жумушта дагы бардыгы мени сыйлашат", - деп айтат айдоочу.

Ал Москвада унаа айдап жүргөнүнө 1 ай болгонун билдирди.

Учурда жол кырсыгы боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Эске салсак, кечээ, 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кеткен. Мындан улам 8 киши жарадар болгон.

Москвадагы жол кырсыгы боюнча Кыргыз жараны сурак берди
Москвадагы Кыргыз жараны сүзүп кеткен адамдардын ден соолугу жакшы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Chungyz
2018-06-17 16:52:52
Жаны айдоочу окшойт башында кызыгып уктабай койот кобу
+9
Jaziko80
2018-06-17 17:10:56
Тормоз мн газга машинаны коп айдаган адамдын буту конуп калат. Бул бала праваны сатып алган коп машина минбеген учун кырсыка кабылды. Уктап эле албаптыр. Аллах жазган тагдыр
+5
Altai85
2018-06-17 17:24:24
Jaziko80,туура айтасыз бул балада стаж аз болгон алмаштырып тепкенине караганда эмнеси болсо да биздин тим жардамынарды аябагыла.Алла сактап баягы жанкечтилерден болбосо эле болду.
+4
urmat94
2018-06-17 18:17:37
Jaziko80,уктап кетип алмаштырып алыпмын деп ататго
+2
Spartak16
2018-06-17 17:30:38
20 саат уктаган эмесмин деп догун артат тура. Акчадан өлчүдөй болбой эс алып айдаш керек го машинаны. Бирөөнүн өмүрү оюнчук эмес. Иштеген жерим сыйлайт деп анын сыйы кимге?
+2
boris8907
2018-06-18 09:26:44
Spartak16,ал созу менен мен терорист эмесмин атайлаган жокмун козум илинип кетти дегенди айтып жатат
-3
pyeon hwa
2018-06-17 21:58:39
Атайылап еде сузуптур! Уктап кетсе алдындагы машинаны сузмлк эмнеге рульду именно топтошкор элге бурат? Уктаган алам рульду анчалык резка бурбайт
-3
Stervashka
2018-06-18 03:07:58
pyeon hwa,жашоодон тоюппу атайын сузгудой. Башына проблема топтоп. Кичине ойлонуп суйлосонор. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Сабыр тилейли туугандар!
0
boris8907
2018-06-18 09:31:30
pyeon hwa,мен антип ойлобойм себебиуктап кеткенде контроль жоголот рулга жолонгон бойдон кыйшайса керекда
0
scorp
2018-06-17 22:45:01
Ушул эле жетишпей жаткан озу!!!! Озу жа футбол деп каттуу текшерип жатышкан бул окуядан кийин чекеден департ кылат эми!!!!
+4
Nurbek_aika
2018-06-18 01:29:52
Ар нерсени жаза бербегиле да!Көрөт элем силердин башыңарга тушкондо!Кырсык,тагдыр бул.Аман эсен кутулуп кет эми Чыңгыз.Ата-эненин кыздарынын бактына эртерээк мекенибизге кайтып кел.Аллах жардам бере көр!!
+3
Tigran.01
2018-06-18 01:37:00
264 чу статя экен жазасы женил эле максимум Бир жыл Бериши мумкун
+4
Pandora
2018-06-18 02:29:44
Коркконунан озун жого уп коюп,качып жоногонго... Антип акчанын артынан тушуп иштегендер толтура,ден соолук менен уйкуну асып коюп. Ар кимин ар нерсени суйлоп,эми баарыбызды департ кылат деп алдын ала озунорго келечек ачпай. Жараткандан сураналы мекендешибизге женил,аксалай жаза берилип аман эсен кутулуп чыксын деп.
+4
boris8907
2018-06-18 09:35:55
Pandora,туура кошулам. Мен деле суткалап иштеген кундорум болуп турат бирок башка тармакта. Таксист машинист летчиктер угуп алгыла силер озунордун эле эмес бироонун да омуруно жооптуусунар
+2
Mumu1986
2018-06-18 03:01:27
Эххх,1- ден жаны таксисттер клиенттер уйронгучо кунуно 1800 р аренда чыгарыш кыйын. Ошого суткалап иштешет. 2- ден бироонун элинен эртерээк ата- энеме кетсем экен, аны бутурсом муну бутурсом экен деп куну- туну иштешет кобу. Кудайым колдосун жердешибизди, атайылап кылган жок.
+1
wwwonline
2018-06-18 03:03:25
20 saat uktabai taxi aidagan - bul kylmysh,bashka adamdardym omuru menen oinoo...
+4
Mervi
2018-06-18 03:26:08
Бул балага аябай боорум ооруду. Аллахым жардам берип жазасын женил кылсын. Шоктон чыгалбай жатканда эле суракка салыптыр да. Адамдар аман калганына шугур.
0
Mervi
2018-06-18 03:33:46
Таксист десе эле баары жаман корот. Булардын иши ото эле оор. Коздору чарчап аренда берем деп бир оорунда отура берип белдери ооруса да суткалап журушот. Кээде бир суткада тапканын болбогон штрафтарга толоп бир куну текке кетет.
+1
Kroxa
2018-06-18 03:58:04
Эмнеси болсо да кырсык болуп кетти сочувствую... Жазасын женилинен берсин..
+2
MKW.MYRZAiYM
2018-06-18 16:06:46
кырсык ка-кабактын ортосунда деген ушул экен да, эмнеге озун-озу кыйнап анча иштеди. Бул айдоочунун ордунда бир орус жараны болсо мынчалык уу-дуу болмок эмес. Эми бул окуя дагы башка кыргыз мигранттарына терс таасирин тийгизет.
0
emirchik
2018-06-18 22:48:31
Эмне дейбиз эми Атайлап кылган жоксун кырсык болуп калды тушунуп турабыз бары бир камаласын,Кайрат кыл жигит кишинин башына аркандай иш тушот!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан