Коларовдун кооз голу Сербияга жеңиш алып келди

17-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "Е" тайпасынын оюндарынын алкагында Орусиянын Самара шаарында Коста-Рика менен Сербия курама командаларынын беттеши өттү.

17:50. Коста-Рика курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Кейлор Навас ("Реал Мадрид", Испания);
  • Коргоочулар: Кристиан Гамбоа ("Селтик", Шотландия), Оскар Дуарте ("Эспаньол", Испания), Жанкарло Гонсалес ("Болонья", Италия), Франсиско Кальво("Миннесота Юнайтед", АКШ), Жонни Акоста ("Рионегро Агилас", Колумбия);
  • Жарым коргоочулар: Давид Гусман ("Портленд Тимберс", АКШ), Сельсо Борхес ("Депортиво", Испания), Брайан Руис ("Спортинг", Португалия);
  • Чабуулчулар: Йохан Венегас ("Саприсса"), Марко Уренья ("Лос-Анжелес", АКШ).
  • Башкы машыктыруучу: Оскар Антонио Рамирес Эрнандес

17:52. Сербия курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачылар: Владимир Стойкович ("Партизан"),;
  • Коргоочулар: Александар Коларов ("Рома", Италия), Бранислав Иванович ("Зенит", Орусия), Душко Тошич ("Гуанчжоу Фули", Кытай), Антонио Рукавина ("Вильярреал", Испания);
  • Жарым коргоочулар: Неманья Матич ("Манчестер Юнайтед", Англия), Сергей Милинкович-Савич ("Лацио", Италия), Лука Миливоевич ("Кристал Пэлас", Англия), Адем Ляич ("Торино", Италия), Душан Тадич ("Саутгемптон", Англия).
  • Чабуулчулар: Александар Митрович ("Фулхэм", Англия).
  • Башкы машыктыруучу: Младен Крстаич (Сербия)

17:53. Оюнчулар талаа үстүнө чыгышты. Алгач Коста-Риканын гимни ойнолот.

17:55. Сербиянын гимни жаңырып, беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алат.

18:00. Беттеш старт алды. Алгач топту сербиялык футболчулар оюнга кошушат.

18:01. Алгачкы мүнөттөрдөн эле Сербиянын футболчулары кооптуу абал жаратууда. Ивановичтин айып аянтчага көтөрүп берген тобуна чабуулчу жетишпей калды. Бурчтан сербиялыктар көтөрөт.

18:03. Геанкарло Гонсалес 11 метр алыстыктан башы менен сокку узатканга үлгүрдү. Соккусу таамай болгону менен, дарбазачы кыйынчылыксыз топту тосуп алды.

18:07. Александр Коларов атаандашынын айып аянтчасына пас узаткан. Бирок Тадич топко жетишпей калып, сербиялыктар топту жоготту.

18:11. Геанкарло Гонсалес жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болчу. Анын башы менен узаткан соккусу дарбазадан бийик өтүп кетти.

18:13. Александр Митрович 20 метр аралыктан сокку узатты. Дарбазанын борбордук бөлүгүнө багытталган соккуну Кейлор Навас оңой эле тосуп алды.

18:16. Давид Гусман эреже бузду. Сербиялыктар айып сокку аткарат.

18:17. Душан Тадич топту айып аянтчага көтөрүп берди. Топту коргоочулар тосуп алышты.

18:21. Франсиско Кальво орой ойногону үчүн сары айып кагазын алды.

18:26. Беттештин 25-мүнөтү соңуна чыкты. Статистикага көңүл бурсак: сербиялыктар топко ээлик кылуу боюнча 57 пайыз болсо, 43 пайыз Коста-Рика.

18:27. Сергей Милинкович-Савич сокку узатты, бирок Кейлор Навас аны тосуп алды.

18:33. Хоан Венегас эреже бузду. Айып соккуну Александр Коларов аткарат.

18:34. Коларовдун соккусуна Навас алгач жетти. Топ Коста-Риканын карамагында.

18:36. Душко Тошич менен Жонни Акоста сүзүшүп, экөө тең дарыгерлердин жардамына муктаж болууда.

18:38. Маркос Уренья алыстан сокку жасады. Топ дарбазадан бир топ бийик өтүп кетти.

18:42. Сергей Милинкович-Савич мыкты сокку узатканга үлгүрдү, бирок калыс офсайд болгонун билдирди.

18:45. Беттештин 1-таймы аягына жетти. Башкы калыс 2 мүнөт кошуп берди.

18:47. Дидунун ышкырыгы жаңырып, 1-бөлүк бүттү.

19:03. Башкы калыс 2-таймга старт берди.

19:08. Александр Митрович дарбазачы менен бетме-бет чыкканга үлгүрдү. Анын соккусун Навас тосуп алды.

19:11. Давид Гусман эреже бузуп сары айып кагазына ээ болду. Коларов айып сокку узатат.

19:12. Г-о-о-л!!! Эсеп 1:0. Коларовдун айып соккусу ийгиликтүү болду. Анын кооз соккусуна Навас жетишпей калды.

19:15. Бранислав Иванович орой ойногону үчүн сары айып кагазын алды.

19:16. Хоан Венегас оюн талаасын таштады. Кристиан Боланьос анын ордуна чыгат.

19:22. Кезектеги алмаштыруу. Коста-Риканын курамында Жоэл Кэмпбелл оюн талаасына чыкса, Маркос Уренья оюн талаасынан кетти.

19:25. Сербиялыктарда алмаштыруу. Адем Ляичтин ордуна Филип Костич чыкты.

19:27. Никола Миленкович атаандашын жыгылтты. Коста-Рика айып сокку узатат.

19:28. Кэмпбелл соккуну узатты, бирок таамай боло алган жок.

19:29. Коста-Рика бул беттештеги акыркы оюнчусун алмаштырды. Гусмандын ордуна Даниэль Колиндрес чыкты.

19:34. Неманья Матич алыстан сокку узатты. Бирок топ коргоочуга тийип калды. Матичтин жакшы мүмкүнчүлүгү бар болчу.

19:39. Сербия курамасында оюнчу алмашты. Антонио Рукавина талаа үстүнө чыкты. Душан Тадич оюн талаасын таштады.

19:45. Сербиялык адис оюнчусун алмаштырды. Александр Митровичтин ордуна Александар Прийович чыкты.

19:46. Негизги убакыт соңуна жетти. Сенегалдык калыс 5 мүнөт убакыт кошуп берди.

19:48. Коста-рикалык футболчулар гол өткөргөндөн кийин топту өз карамагында көбүрөөк кармап жатат. 53 пайыз Коста-Рика, 47 пайыз Сербия.

19:54. Башкы калыс видеокөзөмөл (VAR) системи менен колдонуп Александр Прийовичтин орой оюнун байкап, ага сары айып кагаз берди.

19:55. Беттеш соңуна жетти. Сербия курамасы 0:1 эсеби менен жеңишке ээ болду.

Сербия - Коста-Рика
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurgaz
2018-06-17 18:35:53
Коста-Рика алга!
-4
mir_said87
2018-06-17 20:11:17
жакшы ушундай маалымат берип тургула башка оюндарга да
-2
Crystal
2018-06-17 22:57:49
Жакшы маалыматты кеңири берип тургула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан