Бүгүн, 17-июнда Казакстандын Жамбыл облусунда жүргүнчү ташыган поезд кырсыкка кабылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Астана-Алматы каттамы боюнча бараткан поезддин 8 вагону рельстен чыгып кеткен. Мындан улам 1 өспүрүм каза болуп, 3 адам жабыркады. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди. Учурда кырсыкты түзүлгөн комиссия териштирүүдө.