Сокулук районунун Дача-СУ айылында жол кырсыгы катталып, айдоочулардын бири каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
"Жол кырсыгы бүгүн, 18-июнда саат 03:35 чамасында Бишкек-Жаңы-Жер унаа жолунун 30-чакырымында катталган. Анда Mercedes-Benz Sprinter жана сүт ташуучу Mercedes-Benz үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Mercedes-Benz Sprinter унаасынын 33 жаштагы И.М. аттуу айдоочусу каза болгон. Ал эми сүт ташуучу унаанын 31 жаштагы айдоочусу №4-шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген", - дейт басма сөз катчы.