Бишкек-Ош жолунда жол тандабас менен жеңил унаа сүзүшүп, эки айдоочу жаракат алды

Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылында жол кырсыгы катталып айдоочулар жаракат алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Жол кырсыгы кечээ, 17-июнда саат 13:35 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 43-чакырымында катталган. Анда чыгышты көздөй келе жаткан Range Rover үлгүсүндөгү унаа карама-каршы тарапта келе жаткан Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Passat унаасынын Т.Т. аттуу 65 жаштагы айдоочусу жана Range Rover унаасынын Н.А. аттуу 48 жаштагы айдоочусу жаракат алышкан. Жабыркагандар Москва райондук ооруканасына жеткирилген", - дейт басма сөз катчы.

Унаалар айып короосуна токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан