Кадамжайда жолдун жээгинен жансыз дене табылды. Маркум акыркы жолу эмне сураганы белгилүү болду

Баткен облусунун Кадамжай шаарында белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда азиат түспөлүндөгү 30-35 жаштагы эркек кишинин аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат.

"Жансыз дене кечээ, 17-июнда борбордук көчөлөрдүн биринде табылган. Учурда тийиштүү экспертизалар тартылып иш жүргүзүлүүдө.

Алгачкы айтууларга караганда, каза болгон адам киши колдуу болгон эмес. Кароо жүргүзгөндө анын чөнтөгүнөн астмага каршы дарылардын бош идиши табылган жана жансыз дене табылганга чейин дүкөндө соода кылгандардан белгисиз адам дарыкана сураганы белгилүү болду", - дейт Юсупова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Shaa-82
2018-06-18 11:22:27
Э байкуш десе, аптекага жетпей калганго. Астманын дарысын тугонгучо журо бербей запасы менен алып журбоптур эледа каап. Жаткан жери жайлуу болсун!
+25
Begimay.emir1
2018-06-18 11:58:55
Иии байкуш...
+9
Chungyz
2018-06-18 12:31:35
Акчасы жок болсо керек
+4
Rasul94
2018-06-18 14:24:11
Chungyz,акчасын биринчи тапкандар алат.
-5
karakulja
2018-06-18 12:58:53
Ажал
+5
raykray
2018-06-19 02:08:14
Эх ошондо сураган адамдарда кайдигер болгонго астмада билинетда кишинин кыйналып жатканы:(
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан