Орусиялык ырчы Сати Казанова Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы менен мамиле курганын ачыктады

Орусиялык ырчы, "Фабрика" тобунун экс-солисткасы Сати Казанова Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев менен мамиле курганын ачыкка чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалым болгондой, Сати Казанова эмне үчүн Тимур Кулибаев менен эки жолго түшкөнүн "Секрет на миллион" шоусуна келгенде айтып берген.

2011-жылы ырчынын байбача күйөрманы "Мосфильмдин" жанынан ага 3 бөлмөлүү батир тартуулаган. Үйдүн ичи дүйнөлүк белгилүү брендге таандык эмеректер менен толтурулган. Мындан тышкары бриллиант жана башка кымбат баалуу белектерди тартуулаган. Ырчы сүйүктүүсүн коомчулуктан сыр тутуп, ким экенин айткан эмес. Бирок анын сүйүктүүсү чет өлкөдө жашай турганын, Москвага иш сапары менен гана келип турарын билдирген. Көп узабай эле жергиликтүү маалымат агенттиктери Сати Казанованын сүйүктүүсү миллиардер, Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев экенин жазып чыгышкан. "Forbes" журналы Тимур Кулибаевдин байлыгын 3 миллиард доллар деп баалаган.

Эфир учурунда ырчы Тимур Кулибаевдин үй-бүлөсү бар экенине карабай мамиле курганын айткан. "Көп убакытка чейин көңүлдөш деген макамды алып жүрдүм. Ошол учурлар мен үчүн канчалык оор болсо дагы үй-бүлөлүү мырзага токол болуп тийүүгө даяр болчумун. Мен ал адамды аябай сүйгөм. Ал тургай ага бала төрөп берүүнү пландагам. Анын жанында өзүмдү назик гүлдөй сезчүмүн. Ал мага бриллиант, андан соң унаа тартуулаган. 1 жарым жылдан кийин батир белекке берген. Мен ал мырзага абдан ыраазы болгом", - деп айткан.

Ошондой эле Сати Казановага сүйүктүүсү башкалар менен мамиле куруп жүргөндүгү тууралуу кептер жеткен. Тимур Кулибаев башка аялдан никесиз балалуу болгондо ырчы аны менен мамилесин толук үзгөнүн айтып берген.

Эске салсак, Сати Казанова 2017-жылдын октябрь айында италиялык сүрөтчү Стефано Тиоццого турмушка чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
bayanis
2018-06-18 14:03:25
сулуу экен
0
Ma9
2018-06-18 14:06:29
Казактан коро азыркы жолдошу сулуу экен
+10
kairhai
2018-06-18 14:30:29
казактын акчасын сааптыр да
+8
Tolkun555
2018-06-18 14:30:57
Матч Казанова мага дагы аябай жагат.Бирок пул дагы дух дагы жетпей.
+4
tursunbaev78
2018-06-18 14:37:18
Tolkun555,пулуң болсо калтада....билесиң ал жагын так что пулуң болсо дух өзү пайда болот
+7
Tolkun555
2018-06-18 14:31:28
Сати
0
sirenaaaaa
2018-06-18 14:37:40
Байлардын уйундо бактылуулук жок деген туура кеп. Байкуш миллиардер дин аялына боорум ооруду
+9
Rasul94
2018-06-18 15:01:21
Озубуздо деле бар мындайлар.
+4
bond02
2018-06-18 15:12:23
Тимур Казакстандан куулат го эми.
+4
Shokoladka94
2018-06-18 15:55:22
Президенттин куйоо баласы ушунчалык болсо, уулунан тунуло бериш керек экен да ээ
+5
Nanei
2018-06-18 17:14:33
Shokoladka94,Назарбаев дин уулу жок
+2
Cleo-13
2018-06-19 01:33:45
Nanei,уулу бар
0
tursunbaev78
2018-06-19 02:53:58
Nanei,токолунан уулу бар
0
ludimira
2018-06-18 16:22:12
Сати молодец,пайдалана да билиш керек
+2
Same
2018-06-18 20:57:33
Негизи кабардинкалар баары сулуу, ошондой эле баардык эле кыздары байга турмушка чыккылары келет
+1
erkinali858585
2018-06-18 23:41:16
Нуке ХХХХХХХ эми ХХХХХХХ
+2
Cleo-13
2018-06-19 01:35:15
Бул жанагы гоха менен жургон куйоо баласыбы
+1
Milduri
2018-06-19 01:52:05
Сатини ХХХХХХ экенда
+1
admin_superstan
2018-06-19 10:14:24
Milduri, erkinali858585,
Этика нормаларын сактагыла!
0
Djal1987
2018-06-19 03:44:26
Куйоо балага эми хана. Же нурсултан туура тушунот бекен. Эки оттун ортосунда кплыптыр да нуке
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан