УКМК ири суммадагы пара берип жаткан жеринен чет элдик жаранды кармады

Туристтик компаниялардын биринин жетекчиси УКМКнын кызматкерине ири өлчөмдөгү пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чет элдик жаран 14-июнда кармалган. Ал пара берүү аркылуу кыргыз визасын алууга жардам берүү маселесин чечүү аракетин жасаган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинде (пара берүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран учурда тергөө камак жайына киргизилип, ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Muslim_KGstana.
2018-06-18 12:25:12
Маековскийди деле ушунтип кармап турмого тыкпайсынарбы анан???
+3
Samash-87
2018-06-18 12:26:30
Ал жерден дагы пара берип чыгып кетет.Ушул дагы жанылыкпы?
0
Chungyz
2018-06-18 12:30:03
Иран же арабтар болушу мумкун
0
amirrus
2018-06-18 15:46:50
кооойсонор бергенди бекитип эле алат аны силер билбейсинер,бул спектакль го дейм даяр...
0
zhigitaly
2018-06-18 22:53:22
Мегакомду алып берем десе керек да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан