Түркиялык актриса жана модель Бирче Акалай бүгүн, 19-июнда 34 жашка толду. Ал 1984-жылы Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген.
Бирче Акалай искусстводон алыс адамдардын үй-бүлөсүндө өскөн, тагыраагы, апасы - үй кожойкеси болсо, атасы - жалданма жумушчу болуп иштеген. Каарманыбыз 4 жашынан баштап балет менен алектенген. Мектепте окуп жүргөндө балет консерваториясына даярдоочу атайын ийримге барып жүргөн. Ал балет искусствосун үйрөнүүгө 13 жылдык өмүрүн берген. Бирок жогоруда айтылган консерваторияга балалыгынан мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен өтө албай калган. Бирче жашоону сүйгөндүктөн жана оптимисттик мүнөзгө ээ болгондуктан буга капаланбай, актриса болууну чечкен.
Ал 2003-жылы Стамбулдагы театралдык университетке тапшырып, мыкты көрсөткүчтөр менен аяктаган. 2004-жылы Бирче сулуулук сынактарына катышып көрүүнү чечип, "Мисс Түркия" сынагында 3-орунду багындырган. Андан соң ага телеканалдардан сунуштар түшүп, 2004-2007-жылдары спорттук программаларды алып барып эмгектенген. Актриса кинематография тармагында 2007-жылы жарыкка чыккан "Тагдыр" сериалына тартылып, дебют жасаган.
2010-жылы "Асман менен жердин ортосунда" сериалына тартылып, атактуулукка жетет. Мындан тышкары "Ак-кара сүйүү", "Жашоо кээде жыргал", "Аси", "Кичинекей жетекчи" жана башка тасмаларда роль жараткан.
2011-жылы ушул сериалдагы өнөктөшү актёр Мурат Юналмышка турмушка чыгып, 1 жылдан кийин ажырашып кетишет. Ал эми 2014-жылы Сарп Левендоглу аттуу актёр менен үй-бүлө курат. Түгөйлөр 3 жыл чогуу түтүн булаткандан кийин эки башка жолго түшөт.
19-июнга карата жылнаама.