Бишкек шаарынын Ленин райондук соту социалдык тармак аркылуу таанышкан кызды зордуктаган жигитке карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтында жарыяланды.
Жигит дароо эле кызды үйүнө чакырган
2018-жылдын 07-март күнү Гүлзат (Г.Ч. аты өзгөртүлдү) менен Нурсултан (Н.М.у. аты өзгөртүлдү) социалдык тармак аркылуу таанышкан. Алар таанышкан күндөн тартып Нурсултан Гүлзат менен интернет аркылуу сүйлөшүп жолугууга чакырып жүргөн. Эки күндөн кийин 9-мартта Нурсултан Гүлзатты Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн бирине чакырып, ал жерден жабырлануучунун эркине каршы, күч колдонуп жыныстык катнашта болгон.
Жабырлануучу Нурсултанга карата тосмо арыз жазып берген
Соттук кароодо соттолуучунун жактоочусу соттолуучу Нурсултандын кылмыш ишин, жабырлануучу жеке ачык айыпты колдоодон баш тарткандыгына байланыштуу кылмыш ишин кыскартып берүүнү суранган.
Ал эми Гүлзат соттолуучуга жеке ачык айып коюудан баш тарткандыгы тууралуу тосмо арызын жазып бергендигин тастыктап, жактоочунун келтирилген өтүнүчүн канааттандырып берүүнү суранган.
Натыйжада
Сот Нурсултанга карата кылмыш иши кыскартылуусуна жана токтом күчүнө киргенден кийин өкүм жокко чыгарылуусуна кол койгон.