Бүгүн, 18-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "F" тайпасынын оюндарынын алкагында Швеция менен Түштүк Корея курама командаларынын беттеши өтөт. "Төмөнкү Новгород" стадионунда орун алып жаткан беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат.
17:50. Швеция курама командасынын тизмеси:
17:53. Түштүк Корея курамасынын тизмеси:
17:55. Беттештин башкы калысы Хоэль Агилар (Сальвадор) болот.
17:57. Командалар талаа үстүнө чыгышып, өлкөлөрдүн мамлекеттик гимндери жаңырды.
18:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды.
18:01. Алгачкы эреже бузууга кореялык футболчулар жол берди. Швециялыктар топко ээ болушту.
18:02. Швециялыктар дагы эреже бузуу менен жооп беришти. Атаандашынын айып аянтчасында Классон кореялык футболчуну жыгылтты.
18:03. Кореялыктар бурчтан топту көтөрүштү. Топко алгач дарбазачы жетишти.
18:04. Швециялыктар эреже бузуп кореялыктар айып сокку узатканга мүмкүнчүлүк алды.
18:06. Ким Синук айып соккуну аткарды. Анын айып аянтчага көтөргөн тобун швециялыктар тосуп алышты.
18:09. Маркус Берг эреже бузду. Кореялыктарда дагы бир мүмкүнчүлүк.
18:11. Беттештеги алгачкы сары айып кагазын кореялык футболчу алды. Ким Синук айырмалана алды.
18:13. Себастьян Ларссон атаандашынын аянтчасында кооптуу абал жаратты. Бирок Чо Хену топко биринчилерден болуп жетти.
18:15. Швециялыктар өзүнүн позициялык чабуулун улантууда. Бирок айып аянтчага кирүү аракети аягына чыкпай жатат.
18:17. Андреас Гранквист айып аянтчага кирип келүүгө үлгүрдү. Бирок коргоочулар топко биринчи жетип калышты.
18:20. Маркус Берг дарбазачы менен бетме-бет чыгып сокку узатты, сокку таамай болгону менен Чо Хену аны тосуп алды.
18:21. Понтус Янссон бурчтан көтөрүлгөн топту башы менен дарбазаны көздөй багыттаганга аракет жасады. Бирок аракети ийгиликсиз болуп калды.
18:23. Кореялыктардын чабуулу ийгиликсиз болуп калды. Швециялыктар топту илип кетишти.
18:25. Кайрадан швециялыктардын чабуулу орун алды. Айып аянтчага көтөрүлгөн топко биринчи дарбазачы жетти.
18:26. Кореялыктар азырынча 10 оюнчу менен ойноп жатышат. Пак Чухо жаракат алып, дарыгерлердин жардамына муктаж.
18:27. Чухо оюнду уланта албай анын ордуна оюнга Чжу-Хо Пак кирет.
18:29. Маркус Берг айып аянтчанын сызыгынан сокку узатты. Анын соккусун коргоочулар тосуп алганга жетишип калды. Эгерде коргоочу болбосо гол болуш керек болчу.
18:31. Жарым сааттык беттештин жүрүшүндө швециялыктар 9 жолу эреже бузса, кореялыктар 19 жолу эреже бузганга үлгүрдү.
18:33. Топто ээлик кылуу боюнча азырынча 56 пайыз менен швециялыктар алдыда келе жатышат.
18:34. Кореялыктардын контр-чабуулу. Футболчу 80 метр аралыкты чуркап өтүп айып аянтчага кирип келген, ал 3 коргоочуга туш болуп дарбазага сокку узата алган жок.
18:37. Кореялыктар бардык 11 оюнчусу менен коргонуп атаандаштарына гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышат.
18:41. Кореялыктар чабуулда дагы ойной ала турганын көрсөттү. Ким Синук айып аянтчага кирип келип сокку узатканга аракет жасаган. Бирок коргоочулар аны жыгылтканы менен калыс эреже бузууну байкаган жок.
18:43. Ола Тойвонен жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болчу, коргоочулар ага сокку узатканга жол бербей топту тартып алышты.
18:44. 1-таймдын негизги убактысы бүтөрүнө 1 мүнөт калды. Топко ээлик кылуу боюнча швециялыктар көрсөткүчүн 59 пайызга чейин жогорулатса, кореялыктар 41 пайызга чейин төмөндөттү.
18:45. Беттештин негизги убактысы соңуна жетип калыс 2 мүнөт убакыт кошуп берди.
18:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аягына чыкты.
19:03. 2-тайм старт алды.
19:05 Эмиль Форсберг айып аянтчанын сыртынан сокку жасап таамай болгон жок. Топ дарбазадан жогору өтүп кетти.
19:07. Ларссон атаандашына каршы орой ойноп эреже бузду.
19:09. Ку Жачхоль 11 метр аралыктан башы менен мыкты сокку узатканга жетишти, топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.
19:11. Хван Хичхан атаандашына каршы орой ойноп сары айып кагазып калды. Швециялыктар айып сокку аткарат.
19:13. Чо Хену дарбазасын сактап калды. Айып аянтчага көтөрүлүп берген топту Тойвонен дарбазага багыттаса, Хену тосуп алганга жетишип азырынча каршылаш дарбазачыга караганда мыктыраак оюн көрсөтүүдө.
19:15 Хван атаандаштарын тынчсыздандырды. Анын айып аянтчага көтөрүп берген тобуна коргоочулар биринчи жетишти. Бурчтан көтөрүү орун алат.
19:18. Виктор Классон сары айып кагазы менен белгиленди. Бул швециялыктардын алгачкы айып кагазы болду.
19:19 Башкы калыс видео байкоо системи менен колдонот. Кореялыктар айып аянтчасында эреже бузду окшойт. Пенальти коюлушу мүмкүн.
19:20. Пенальти! Калыс эреже бузууну көрүп калды. Пенальтини Гранквист аткарат.
19:22. Г-о-о-о-л! Эсеп 1:0. Андреас Гранквист пенальтини мыкты аткарды. Чо Хену сокку кайсы тарапка багытталганын алдын ала биле алган жок
19:25. Ким Синук оюн талаасынан кетет. Аны Ён Чон алмаштырды.
19:27. Швециянын курамасында дагы оюнчу алмашты. Албин Экдалдин ордуна Оскар Хильмарк чыкты.
19:29. Кореялыктар дагы бир алмаштыруу жасады. Ку Жачхолдун ордуна Сынву Ли оюн талаасына чыкты.
19:32. Ола Тойвонен алмаштырылды. Анын ордуна Айзек Телен чыкты.
19:34. Кореялыктар эсепти тең кылууга канчалык аракет жасаганы менен, алардын чабуулу ийгиликтүү жыйынтыкталбай жатат.
19:36. Оюн убактылуу токтоду. Себастьян Ларссон жаракат алып калды көрүнөт.
19:37. Ларрсон беттешти уланта албай калды. Анын ордуна Густав Свенссон чыгат.
19:38. Ли Ендун дарбазага багытталган кооптуу, күчтүү соккусун коргоочу тосуп алды.
19:42. Кореялыктар топко ээлик кылып, позициялык чабуулга чыкканга аракет жасап жатышат. Бирок чабуулдар ийгиликсиз.
19:44 Беттештин негизги убактына 3 мүнөт убакыт калганда топко ээлик кылуу боюнча статистикада швециялыктар 60 пайыз, кореялыктарда 40 пайыз.
19:47. Беттештин негизи убактысы жыйынтыкталды. Калыс 4 мүнөт убакыт кошту.
19:51. Оюн бүттү. Швеция курамасы 1:0 эсебинде жеңишке жетип, "F" тайпасында Мексика менен 1-орунду талашууда.