Бүгүн, 18-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "G" тайпасынын оюндарынын алкагында Тунис менен Англия курама командаларынын беттеши өтөт. "Волгоград Арена" стадионунда орун алып жаткан беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат.
23:50. Тунис курама командасынын тизмеси:
23:52. Англия курама командасынын тизмеси:
23:57. Оюнчулар талаа үстүнө чыгып, алгач Тунистин, андан соң Англиянын гимни жаңырды.
00:00. Беттеш старт алды. Топту оюнга англиялыктар кошту.
00:02. Алгачкы мүнөттөрдөн эле англиялыктар кооптуу абал жаратууда.
00:04 Хендерсон мыкты сокку менен айырмаланды. Анын күчтүү соккусуна дарбазачы үлгүрүп, кайтара алды.
00:05. Тунис курамасынын дарбазачысы жаракат алып калды. Беттешти уланта алат болду бекен?
00:06. Ассен оюнду улантууга даяр. Дарбазачы жеңил жаракат эле алып калды.
00:10. Г-о-о-л! Харри Кейн эсепти ачты. 1:0. Бурчтан көтөрүлгөн топту Стоунз дарбазага багыттаган, Ассен анын соккусун Кейнге кайтарган. Кейн дароо сокку узатып гол киргизгенге үлгүрдү.
00:12. Ассен кайрадан талаа үстүндө жатат. Оюнду уланта албай калды окшойт.
00:13. Ассен оюн талаасынан кетти. Анын ордуна Фарку Бен-Мустафа чыгат.
00:14. Оюн жаңы эле башталганы менен, Муэ Ассен 2 жолу дарбазасын сактап калууга үлгүрдү.
00:17. Триппьер оң канаттан айып аянтчага пас жасаган. Коргоочулар кайтарганга жетишип, Хендерсон топко ээлик кылып сокку узатканга үлгүрдү. Алыскы аралыктан аткарылган соккусун дарбазачы тосуп алды.
00:21. Тунис курамасы коргонууда дагы ойноп, чабуул менен дагы жооп кайтарганга жетишүүдө. Бирок чабуулдары ийгиликсиз.
00:23. Лингард айып аянтчага көтөрүлгөн топту тосуп сокку узатты. Сокку таамай болгон жок.
00:26. Магуайер катачылыкка жол берди. Ал өзүнүн жарым бөлүгүндө атаандашына топту алдырып жиберген соң тунистиктер кооптуу чабуул аткарды. Чабуулдун жыйынтыгы ийгиликсиз.
00:28. Дилан Бронн колу менен ойногону үчүн калыс беттешти токтотту. Англиялыктар айып сокку аткарат.
00:30. Магуайер 11 метрлик чийинден сокку узатканга жетишти. Анын таамай соккусун Фарук Бен-Мустафа тосуп алды.
00:32. Тунис курамасы пенальти аткарат. Кайл Уокер атаандашын бетке чаап алганы үчүн Вильмар Рольдан 11 метрлик чийинди көрсөттү. Уокер сары кагаз менен белгиленди.
00:34. Го-о-о-л! Эсеп 1:1. Ферджани Сасси пенальтини сыкты аткарып эсеп санын тең кылды.
00:37. Сиам Бен-Юссеф Стерлингди жыгылтып, Англия курамы айып сокку аткарат.
00:40. Кайрадан тунистиктер эреже бузду. Англиялыктар жакшы мүмкүнчүлүккө ээ.
00:42. Лингард жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болду. Айып аянтчада кароосуз калып дарбазага сокку узатты. Бирок топ коргоочуга тийип кетип, англиялыктар топту бурчтан чыгарат.
00:44. Лингард кооптуу абал жаратты. Анын дарбазага узаткан соккусу таякчага тийип калды.
00:45. 1-таймга 3 мүнөт кошулат. Билинбей эле 1-тайм соңуна келди.
00:48. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм соңуна жетти.
01:03. Калыс 2-таймга старт берди.
01:08. Беттештин 50-мүнөтү артта калды. Соккулар боюнча статистикада англиялыктар 12:4 эсепи менен алдыда.
01:11. Вахби Хазри кооптуу абал жаратканга аракет жасаган. Дарбазачы менен бетме-бет келген учурда калыстын ышкырыгы жаңырды. Офсайд.
01:17. Англиялыктар топту өз карамагына көп убакыттан бери кармап жатышат. Жалпы топко ээлик кылуу боюнча Англия курамасы 56 пайызга ээ.
01:23. Оюндун ылдамдыгы төмөндөп калган кезде күйөрмандар стадиондо толкунду жасоодо.
01:25. Яссин Мерия топко жетүү аракетин көрүп жатып атаандашын бутка тээп алды. Англиялыктар айып сокку узатат.
01:26. Англиялыктарда алмаштыруу Маркус Рэшфорд Рахим Стерлингдин ордуна чыгат.
01:27. Киран Триппьер айып соккуну жакшы аткарды. Бирок таамай болбой топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.
01:29. Көп убактыттан бери тунистик футболчулар чабуулга чыга элек. Тунистин оюнчулары англиялыктардын кысымынан чыга албай жаткан кези.
01:31. Кезектеги алмаштыруу. Тунис курамасында Наим Слитинин ордуна Мохамед Бен-Амор оюн талаасына чыгат.
01:35. Тунис курамасынын оюнчусу атаандашына каршы орой оюн көрсөтүүдө. Англиялыктар 25 метрден айып сокку узатышат.
01:37. Айып соккуну Эшли Янг аткарып, анын соккусу таамай болгон жок.
01:38. Деле Алли оюн талаасынан кетти, анын ордуна Рубен Лофтус-Чик чыгат.
01:41. Фарук Бен-Мустафа талаа үстүндө медициналык жардам алууда. Оюнду уланта алат болуш керек.
01:43. Вахби Хазри оюн талаасынан кетти, анын ордунда Сабер Халифа ойнойт.
01:48. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 4 мүнөт кошуп берди.
01:49. Го-о-о-л!!! Эсеп 1:2. Бурчтан көтөрүлгөн топту Гарри Кейн дарбазага багыттап 2-голун киргизе алды.
01:50. Бул беттештеги акыркы алмаштыруу. Жесси Лингарддын ордуна Эрик Дайер чыкты.
01:52. Калыстын беттеши жаңырып беттеш аяктады. Англия Тунистин үстүнөн жеңишке жетип 3 упайга ээ болду.