Москва шаарындагы топтошкон элди сүзүп алган Кыргыз жараны эки айга камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Таган райондук соту кечээ, 18-июнда Кыргыз жаранын 16-августка чейин эки айга камакка алды. Учурда тергөө иштери башталды деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кеткен. Мындан улам 8 киши жарадар болгон. Айдоочу күнү-түнү иштеп уктабагандыктан унаа айдап баратып уктап кеткенин милиция кызматкерлерине сурак берип жатканда айткан. Бул жол кырсыгы боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.