Бишкекте жолдон өтүп бара жаткан адамдарга карата ок чыгарган 2 жаран кармалды

Бишкектеги көчөлөрдүн биринде өтүп бара жаткан адамдарга карата ок чыгарган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдирди.

Маалым болгондой, окуя 17-июнь күнү эртең мененки саат 6:30дар чамасында Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

"Борбор калаанын тургунунан бизге маалымат келип түшкөн. Анда жабырлануучу таанышы менен көчөдөн өтүп бара жатканда белгисиз адамдар аларга карата бир нече жолу ок чыгарган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, травматикалык тапанчанын жана гильзанын 45 Rubber калибрдеги огун табышкан. Ал эми жабырлануучулардын бири жеңил жаракат алса, экинчиси башынан жаракат алып республикалык ооруканага жаткырылган. Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Т.А. жана 21 жаштагы А.У. аттуу эки адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери улантылууда", - дейт басма сөз кызматы.

Ошондой эле шектүүлөр кармалган учурда алардын унаасынан травматикалык тапанча, 2 магазин жана 9 ок-дары табылганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
00AbibhanovMunarbek0045
2018-06-19 11:24:03
Бейбаштык кулкун келтирчуу статья мн иш козголуптурго
+5
dosym
2018-06-19 12:07:18
Адам өмүрүнө атайлап зыян келтирүү, мыйзамсыз курал алып жүрүү, деген статьяларды унутуп калдынарбы
+8
Zidan2
2018-06-19 16:20:11
dosym,ал жагы тергоодо кошулат
0
Daak9091
2018-06-19 12:12:59
Дагы бир чондун балдары да танга жук кулубдан чыгып не кыларын билбей жургон немелер да
+6
Chagylgan1
2018-06-19 12:21:09
Муну кандай тушунсо болот?!! Кочодогулорго ок чыгарса, аларга бейбаштык беренеси менен иш козголсо?!!

ИИМ, Прокуратуранын абалы ушулбу?!!

Соке эч нерсени кыйратпады, олкодо кайра эле бардак, мыйзамдар болсо иштебейт. Сотторго мин сын айтылганы менен ошол ошол бойдон...

Сокенин колунан куру суйлогондон башка иш келбейт экен......
+7
BoDiNur
2018-06-19 13:25:43
Chagylgan1,КРны Сооронбай Шарипович 5,6 айда эле гулдотуп койо албай, убакыт кк, таппай тургандардын куну тууду
-6
Chagylgan1
2018-06-19 13:30:11
BoDiNur, кайра эле эски кассетабы, убакыт керек, убакыт берели деген?!! Акаевге 15 жыл, Бакиевге 5 жыл, Атамбаевге 7 жыл бердик, кана озгоруу?!! Ал убакыт олкону ондоо учун берилип жатабы же уурдап-тоноп байлык куроо учун керекпи?!!

Болоор бала б.... дейт, 60 жашка чыккыча эч бир иши менен элге корунбогон Сокен 60тан ашканда иши менен корунобу?!!

Ортодо 7 ай убакыт отту, 7 айда куру создон ишке откону кана?!! 7 айда бир иштин башына чыга албаган Сокен эми кыйратат беле
+11
patiydin
2018-06-19 12:30:29
Соке ишти жакшы алып барып жатат. Бул жерде Аны колдогон инсандар аз болуп жатат.
-7
Okurmanchik92
2018-06-19 14:12:02
Эчтеке деле озгоргон жок. Озгорбойт дагы. Бизде фамилиялар эле алмашат. Калганы ошол эле. Озунун кишилерин коюп жакпагандарын камоо. Бийликтен кетип калгыча жанталашып жеп калалы дешет. Кыргызстан озунчо эч качан оноло албайт. Коррупцияга малынбай эле чогуп кеткен. Аны Россияга кирип эле алып чыкпаса чыкпайт. Соке озу деле адм ресурс Атамбаев Исаковдун поддержкасы менен президент болду. Эч кандай эл шайлаган жок. Келечекти элестетуу кыйын.
+7
Rasul94
2018-06-19 15:05:46
Жиндилер го Т.А.менен А.У
0
Arlenchik
2018-06-19 18:19:56
Акмактар, аракка тоюп алып эмне кыларын билбей кокмээ болуп журушконда, ошон учун дайыма коммент жазып эле журом, мындан нары курал сатканды токтотуп, сатылган куралдарды кайтарып алуу керек, антпесе курал колдонгонду деле билишпейт, мас болуп алып жону жок аткылап, беймарал кетип бараткан адамдардын ден соолугуна атайылап зала келтирип атышат, турмого алып барып, оздорунда ит аткандай атып салуу керек, мындай ыймансыз адамдардын барынан жогу жакшы, жер устундо андай акмактарга орун жок!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан