Баткендин Лейлек районунда милиция кызматкери "зордуктоо кылмышына катыштыгы бар" деп шектелип жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы 26-июнда билдирди. Кылмышка шектүү Лейлек райондук кеңешинин депутатынын уулу, милиция кызматкери Талантбек Жалилов болгон. Ага "7 ай мурун 9-класстын окуучусун зордуктаган" деген айып коюлууда. Жабырлануучу окуя болгондон 1 айдан кийин гана милиция кызматкерлерине кайрылган. Бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.