Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдөн ири өлчөмдөгү акча уурдап жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кармалгандардын жанында курал болгон.
"ИИМдин Криминалдык милиция кызматы ыкчам иликтөөнүн негизинде шаардагы көп кабаттуу үйлөрдөн акча уурдоого шектелген эки адамды кармашты. Алардын бири 1990-жылы туулган Ш.М. Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде мурда соттолгон. Ошондой эле ал кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Ал эми экинчиси 1997-жылы туулган Ч.Н. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча мурда соттолгон. Кармалгандардын биринде курал болгон. Ал эми алардын сумкасын текшерүү учурунда травматикалык тапанча октору менен жана мык сууругуч, бурагыч табылган.
Кармалгандардын жашаган жеринен ТОЗ-34 үлгүсүндөгү 12-калибирлүү кесилген 2 аңчылык куралы жана 30 ок табылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында табылган куралдар 2017-жылы шаардагы үйлөрдүн биринен уурдалганы аныкталган.
Өткөн жылдын ноябрь айында уурулар Бишкек шаарынын тургунунун үйүнө кирип, сейфти бузуп, андан ТОЗ-34 үлгүсүндөгү аңчылык куралды жана 120 миң сом акчаны, зер буюмдарды уурдап кетишкен. Жалпысынан жабырлануучу 240 миң сомдон ашык зыян тарткан. Бул факт боюнча Ленин РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Мындан сырткары кармалгандар башка дагы ушуга окшогон кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталууда”, - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле ИИМдин маалымат кызматы киши өлтүрүү боюнча соттолгон 1997-жылы туулган Ч.М. жаза өтөөдөн кантип эрте бошотулгандыгы такталаарын кошумчалады.