26-июндан 30-июнга чейин Бишкек шаарында "II Түрк тасмалар жумалыгы" өткөрүлөт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, аталган иш-чара Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин, Түркиянын Кыргыз мамлекетиндеги элчилигинин көмөгү жана "Жергиликтүү ой-пикир" коому тарабынан уюштурулуп жатат.
Аталган иш-чара 5 күн бою "Манас" кинотеатрында өтүп, кирүү акысыз болот.