Бүгүн, 19-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагындагы "Н" тайпасынында беттештер орун алат. Анда Колумбия-Япония жана Польша-Сенегал беттештери менен биринчиликтин 1-туру жыйынтыкталмакчы. Колумбия-Япония беттеши Саранск шаарынын "Мордовия Арена" стадионунда өттү. Бул беттештин башкы калысы Дамир Скомина (Словения) болду.
17:50. Колумбия курама командасынын тизмеси:
17:52. Япония курама командасынын тизмеси:
17:56. Футболчулар оюн талаасына чыгышты. Алгач Колумбиянын гимни, андан соң Япониянын гимни жаңырды.
18:00. Дамир Скоминанын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды. Топту алгач Япония курамасы оюнга кошту.
18:03. Пенальти жана кызыл кагаз! Колумбиялык футболчу айып аянтчасында колу менен ойногону үчүн кызыл кагаз алды.
18:04. Карлос Санчес кызыл кагазын алып оюн талаасын таштаганга аргасыз болду. Колумбиялыктар 10 оюнчу менен калды.
18:05. ГОЛ! Синдзи Кагава пенальтини мыкты аткарды. Давид Оспина тосуп алууга үлгүргөн жок.
18:11. Фалькао жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болду. Фалькао айып соккудан көтөрүлгөн топко алгачкылардан болуп жетип, сокку узатканга үлгүрдү. Бирок Эйдзи Кавасима кыйынчылыксыз тосуп алды.
18:13. Генки Харагучи орой оюн көрсөтүүдө, ал атаандашы менен топту талашып жатып аны бетке уруп салды.
18:14. Такаси Инуи айып аянтчанын ичинен дарбазага багытталган сокку узатты. Бирок сокку таамай болгон жок.
18:15. Колумбиялык оюнчу сол канаттан чабуулду курчутуп айып аянтчага топту көтөргөн. Башы менен сокку узатканга аракет жасаган Фалькао топко жетпей калды.
18:17. Хуан Кинтеро сокку узатты, топтун алдына топтолгон япониялык футболчулар соккуну кайтара алышты.
18:20. Колумбия курамасы 10 оюнчу менен ойноп жатканы менен топко ээлик кылуу боюнча статистикада 60 пайызга ээ болууда.
18:23. Генки Харагучи жалгыз атаандашынын айып аянтчасына кирип келгени менен кооптуу абал жарата алган жок. Коргоочулар жакшы ойногонго үлгүрүштү.
18:30. Колумбиялыктар оюнчусун алмаштырып, коргоо бөлүгүн күчтөөгө аргасыз. Вилмар Барриос Хуан Куадрадонун ордуна чыгат.
18:33. Юто Нагатомо айып аянтчага топту чыгарып берүүгө аракет жасаган. Бирок анын чыгаруусун коргоочулар кайтара алды. Япониялыктар топту бурчтан чыгарышат.
18:34. Фалькао талаанын орто бөлүгүнөн көтөрүлгөн топко жетишип сокку узатканга үлгүрдү. Сокку кубаттуу болбой калган үчүн Эйдзи Кавасима кыйынчылыксыз топту тосуп алды.
18:36. Япониялык коргоочу Фалькаого каршы орой оюн көрсөтүүдө. Колумбиялыктар айып сокку узатышат.
18:38. Г-о-о-о-л! Эсеп 1:1. Колумбиялыктар айып соккудан эсеп санын тең кылышты. Хуан Кинтеронун таамай соккусун Эйдзи Кавасима кайтарганга жетишкен жок.
18:45. 1-таймдын негизги убактысы аягына жетти. Калыс дагы 1 мүнөт ойногонго мүмкүнчүлүк берет.
18:46. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм соңуна жетти. Командалар тыныгууга кетишти.
19:03. 2-тайм старт алды.
19:07. Япониялыктар топко ээлик кылып чабуулду аягына чыгарууга аракет жасап жатышат. Бирок аракети ийгиликсиз болууда.
19:10. Юя Осако мүмкүнчүлүккө ээ болуп, сокку узатты. Бирок Давид Оспина топту кайтарды.
19:13. Такаси Инуи 11 метрлик чийинден кооптуу сокку жасай алды. Бирок кайрадан Давид Оспина жогорку чеберчилигин көрсөтүүдө.
19:14. Колумбиялыктар эреже бузуп, Сибасаки айып сокку узатат.
19:15. Хамес Родригес оюн талаасына чыкты. Ал Хуан Кинтеронун ордуна чыкты.
19:16. Мая Йосида жакшы мүмкүнчүлүктөн колдоно албай калды. Айып аянтчасынан башы менен сокку узатты, бирок таамай эмес.
19:21. Вилмар Барриос эреже бузуп сары айып кагазын алды.
19:23. Япония курама командасы акыркы 20 мүнөттө топко ээлик кылуу көрсөткүчүн 80 пайызга жеткирди.
19:25. Япония курамасында алмаштыруу. 1-голдун ээси Синдзи Кагаванын ордуна Кейсуке Хонда оюн талаасына чыгат.
19:26. Хосе Пекерман дагы курамасында алмаштыруу жасоо чечимин кабыл алды Хосе Искердо оюн талаасынан кетсе, Карлос Бакка оюнга кошулат.
19:29. Г-о-о-о-л! Эсеп 1:2. Япониялыктар алдыга чыкты. Бурчта көтөрүлгөн топту Осако дарбазага багыттап таамай боло алды.
19:34. Хамес Родригер алгачкы кооптуу абалын жаратты. Жакынкы аралыктан узаткан тобу каршылашына тийип оюн талаасынан четке чыкты.
19:36. Япония курамасында алмаштыруу. Гаку Сибасаки оюн талаасынан кетип, оюнга Хотару Ямагучи кошулду.
19:38. Беттештин негизги убактысынын аягына 5 мүнөт калды. Статистикага көңүл бурсак, топко ээлик кылуу боюнча 59 пайыз менен Япония алдыда. Соккулар боюнча 13:5 эсеби менен Япония алдыда жана таамай сокку боюнча япониялыктар 5:3 эсеби менен алдыда келе жатат.
19:41. Япониялыктардын карамагында оюнчуну алмаштыруу. Эсепти 1:2 кылган Юя Осаконун ордуна Синдзи Окадзаки оюн талаасына чыгат.
19:42. Хамес Родригес атаандашына каршы орой ойноп, сары айып кагазын алды.
19:46. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталды. Калыс 5 мүнөт убакыт кошуп берди.
19:51. Эдзи Кавасима сары айып кагазын алды.
19:52. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш аяктады. Япониялыктар бул беттеште мыкты оюн көрсөтүп жеңишке ээ болушту. 3 упай менен "Н" тайпасында Япония алдыга чыкты.