Сенегалдын футболчулары Польшаны утуп алышты. Роберт Левандовски командасына жардам бере алган жок

Бүгүн, 19-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагындагы "Н" тайпасында Польша-Сенегал беттеши орун алат. Бул беттеш менен Дүйнө биринчилигинин 1-туру жыйынтыкталмакчы. Аталган беттеш Москва шаарындагы "Спартак" стадионунда бир нече мүнөттөн кийин старт алат. Бул беттештин башкы калысы Наваф Шукралла (Бахрейн) болмокчу.

20:50. Польша курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Войцех Щенсный ("Ювентус", Италия);
  • Коргоочулар: Михал Паздан, Тьяго Ционек (СПАЛ, Италия), Лукаш Пищек ("Боруссия" Дортмунд, Германия);
  • Жарым коргоочулар: Гжегож Крыховяк ("Вест Бромвич", Англия), Камиль Гросицкий ("Халл", Англия), Мацей Рыбус ("Локомотив", Орусия), Якуб Блащиковский ("Вольфсбург", Германия), Пётр Зелиньский ("Наполи", Италия).
  • Чабуулчулар: Аркадиуш Милик ("Наполи", Италия), Роберт Левандовски ("Бавария", Германия).

20:53. Сенегал курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Хадим Н'Диайе ("Хоройя", Гвинея);
  • Коргоочулар: Калиду Кулибали, Мусса Ваге ("Эйпен", Бельгия), Юссуф Сабали ("Бордо", Франция), Салиф Сане ("Ганновер", Германия);
  • Жарым коргоочулар: Альфред Н'Диай ("Вулверхэмптон", Англия), Идрисса Гуйе ("Эвертон", Англия), Исмаила Сарр ("Ренн", Франция);
  • Чабуулчулар: Мам Диуф ("Сток Сити", Англия), Садьо Мане ("Ливерпуль", Англия), Мбай Ньянг ("Торино", Италия).

20:55. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Польшанын гимни жаңырды.

20:57. Сенегалдын гимни жаңырды. Командалар беттешти баштоого даяр.

21:01. Наваф Шукралланын ышкырыгы жаңырып, 1-турдун акыркы беттеши старт алды.

21:03. Лукаш Пишчек чабуулду курчутканга аракет көрдү. Бирок коргоочулар топто биринчи болушту.

21:06. Гросицкий айып аянтчага чыгаруу жасаганга жетишти. Бирок польшалыктар топко алгачкылардан болуп жете алган жок.

21:07. Сенегалдык футболчулар биринчилерден болуп топту бурчтан көтөрүшөт.

21:08. Исмаила Сарр бурчтан көтөрүү жасап, бирок чыгарып бергени менен өнөктөштөрүн таба алган жок.

21:12. Гжегож Крыховяк оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазын алды. Сенегалдыктар айып сокку аткарат.

21:14. Айып соккуну Салиф Сане аткарды. Анын соккусу таамай болгон жок.

21:16. Польша командасы чабуулду баштоо аракетинде учурда талаанын орто бөлүгүндө оюн жүргүзүүдө.

21:18. Кулибали чабуулду курчутууга аракет жасаган. Бирок анын чыгарып берүүсү таамай болбой, топ өнөктөшүнө чейин жеткен жок.

21:19. М'Байе Ньянг жакшы мүмкүнчүлүктү колдоно албай калды. Айып аянтчадан кароосуз калып сокку узатканга жетишти. Топ дарбазадан бир аз алыс өтүп кетти.

21:20. Пётр Зелиньски алыскы аралыктан сокку узатты. Пётр таамай боло албай калды, топ дарбазадан жогору өттү.

21:22. 20 мүнөттүк тирештин жүрүшүндө польшалыктар 65 пайыз топко ээлик кылууда.

21:24. Роберт Левандовски сокку узатканга үлгүрдү. Бирок польшалык футболчунун соккусу таамай болгон жок.

21:27. Сенегалдык оюнчу Гросицкийди жыгылтып эреже бузду. Калыс аны байкаганга үлгүрдү.

21.32. Эки команданын тең чабуулдары ийгиликсиз болууда. 30 мүнөттүн жыйынтыгында польшалыктар топко 61 пайыз ээлик кылды.

21:37. Сенегалдык футболчу оюн талаасында жатат. Ал жаракат алып калгандай көрүнөт.

21:38. Го-о-о-л!. Эсеп саны 0:1. Автогол Польшанын дарбазасына кирди. Тьяго Рангель Ционек өз дарбазасына киргизгенге үлгүрдү.

21:42. Сане бурчтан чыгарылган топту дарбазага багыттаганга аракет көрдү. Башы менен узаткан топ жерден секирип дарбазаны ашып өттү.

21:45. Крыховяк оюн эрежесин бузуп, сенегалдык футболчуларга кооптуу айып сокку узатканга мүмкүнчүлүк түзүп берди.

21:47. 1-таймдын негизги убактысы соңуна жетти. Наваф Шукралла 2 мүнөт убакыт кошуп берди.

21:49. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аягына жетти. Командалар тыныгууга кетишти.

22:05. 2-тайм старт алды. Тыныгуудан кийин Польша курамасында алмаштыруу орун алды. Якуб Блашчиковскинин ордуна Ян Беднарек оюн талаасына чыкты.

22:06. Польшанын айып аянтчасында Беднарек менен сенегалдык футболчу кагышып, Беднарек жаракат алып калгандай көрүнөт.

22:08. Левандовски ылдамдык менен чабуулга чыккан. Бирок аны Сане жыгылтып эреже бузууга үлгүрдү. Сане сары айып кагазга ээ болду.

22:09. Левандовски айып соккуну өзү аткарды. Анын соккусу таамай болгону менен, Хадим Н'Диайе секирип топту кайтара алды.

22:11. Садио Мане айып аянтчанын ичинен сокку узатканга үлгүрдү. Анын кубаттуу соккусу коргоочуларга тийип, оюн талаасынан чыгып кетти.

22:14. Калыстын ышкырыгы жаңырып Польшанын чабуулу токтотулду. Левандовски эреже бузду.

22:15. Пищек атаандашынын айып аянтчасында кароосуз калып дарбазага сокку узатты. Бирок Лукаш Пищектин соккусу таамай болгон жок.

22:20. Го-о-л! Эсеп 0:2. Войцех Щенсный катачылык кетирип, М'Байе Ньянгга гол киргизгенге жол түзүп берди.

22:21. Сенегалдын курамасында алмаштыруу. Мам Диуфтун ордуна Шейх Н'Дойе чыкты.

22:25. Лукаш Пишчек дарбазага кубаттуу сокку узатты. Бирок анын соккусун коргоочулар кайтара алышты

22:29. Аркадиуш Милик жакшы мүмкүнчүлүк менен колдоно албай калды. Дарбазадан 2 метр алыс аралыктан узаткан соккусу таамай болгон жок.

22:31. Идрисса Гуйе орой оюну менен айырмаланып сары айып кагазы менен белгиленди.

22:32. Аркадиуш Милик оюн талаасынан кетти. Анын ордуна Давид Ковнацки оюнга кошулат.

22:34. 2-голдун ээси оюн талаасынан кетет. М'Байе Ньянгдин ордуна Мусса Конате чыгат.

22:37. Давид Ковнацки 11 метрлик чийинден сокку узатканга үлгүрдү. Соккусу таамай болгону менен, дарбазачы мыктыраак болуп эсеп санын өзгөртүүгө жол берген жок.

22:42. Польша курамасында алмаштыруу Бартош Берешинский Лукаш Пишчектин ордуна чыгат.

22:45. Сенегалдыктар эреже бузуп, польшалыктарга кооптуу айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк берди.

22:46. Го-о-о-л! Эсеп 1:2. Гжегож Крыховяк айырмаланып эсеп аралыгын жакындатты.

22:47. Сенегал курамасында оюнчулар алмаштырылды. Альфред Н'Диайенин ордуна Шейх Куяте чыкты.

22:49. Садио Мане чабуулду курчутуу аракети орундалган жок. Сенегалдыктар топту бурчтан көтөрөт.

22:50. Беттештин негизги убактысы соңуна жетти. Калыс 4 мүнөт кошуп берди.

22:54. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш аяктады. Сенегал мыкты оюн көрсөтүп 2:1 эсеби менен жеңишти камсыздады.

Сенегал курамасы Польшанын футболчуларын утуп алышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
FCB14
2018-06-19 21:10:13
Лева пента трих урчу
-3
Adi_let
2018-06-19 21:13:55
2-0 болот Польшанын пайдасына
-6
urmat94
2018-06-19 21:48:11
Adi_let,не болуп кетти наоборот жазып алган окшойсун
+7
urmat94
2018-06-19 21:49:23
Бирок туура эле Польша киргизди да баары бир озунун дарбазасына болсо дагы
+3
kilim
2018-06-19 22:53:03
Польша да ХХХХХХХХХ
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан