20-июнга караган түнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын 2-туру старт алат. Анда "Санкт-Петербург" стадионунда "А" тайпасындагы Орусия менен Египет курама командаларынын беттеши орун алат. Аталган беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алмакчы. Беттештин башкы калысы парагвайлык Энрике Касерес болот.
23:50. Орусия курама командасынын тизмеси:
23:53. Египет курама командасынын тизмеси:
23:54. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Египеттин гимни жаңырды.
23:56. Орусиянын мамлекеттик гимни жаңырып, футболчулар беттешти баштаганга даяр.
00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып тайпалык баскычтын 2-туру старт алды.
00:02. Артем Дзюба жакшы мүмкүнчүлүк колдоно албай калды. Головиндин айып аянтча жасаган чыгарып берүүсүнө Дзюба жетишпей калды.
00:05. Александр Головин алыскы аралыктан сокку узатты, бирок таамай эмес. Топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.
00:09. Орусия курамасы алгачкы мүнөттөрдөн чабуулга чыгып бир нече кооптуу соккуларды жасаганга үлгүргөнү менен, эсеп саны 0:0 бойдон калууда.
00:12. Дзюба чабуулдан эреже бузду. Топ Египет курама командасында.
00:15. Трезеге мыкты сокку аткарганга жетишти. Айып аянтчадан сырткары узаткан соккусу дарбазадан 1 метр алыстыкка жетпеген аралыкта өтүп кетти.
00:16. Трезеге эреже бузганга үлгүрдү. Орусия айып сокку аткарат.
00:17. Орусиялыктар дагы бир айып сокку узатканга мүмкүнчүлүк алды. Аны Головин аткарат.
00:18. Александр Самедов айып аянтчадан сырткары жакшы сокку узатты. Бирок таамай боло алган жок. Топ дарбазадан жогору өтүп кетти.
00:21. Дзюба кооптуу абал жаратты. Газинскийдин айып аянтчага чыгарып берген тобуна жетпей калды. Эгерде Дзюба топко жетсе эсеп саны алмашмак.
00:23. Юрий Газинский алыстан сокку узатты. Бирок ал таамай болгон жок.
00:25. Трезегенин соккусу таамай болбой калды. Азырынча эки команданын тең аракеттери ийгиликсиз болууда.
00:28 Александр Головин атаандашынын айып аянтчасына топту чыгарып берген, бирок өнүктөштөрү топко жетишкен жок.
00:30. Жарым сааттын жыйынтыгында топко ээлик кылуу боюнча Орусия курамасы 52 пайыз менен алдыда келе жатат.
00:33. Орусиянын дарбазасында кооптуу абал орун алды. Жирков Салахтын курч чабуулун жокко чыгарды.
00:35. 67 миң көрүүчү баткан стадионунда бут койгонго жер жок болгондой көрүнүш орун алууда. Орусия курамасынын күйөрмандары стадиондо абдан көп.
00:38. Денис Черышев кайрадан топту атаандашынын айып аянтчасына көтөрүп берүүгө аракет жасаган. Бирок топту коргоочу кайтара алды. Орусиялыктар топту бурчтан көтөрөт.
00:41. Мохамед Салах орусиялыктарды тынсыздандырды. Орусиянын айып аянтчасында пас кабыл алып, күтүлбөгөн жерден сокку узатты. Бирок ал таамай болгон жок.
00:45. 1-таймдын убактысы соңуна жетип, калыс кошумча убакыт берген жок. Командалар тыныгууга кетишти.
01:01. Калыс 2-таймга старт берди. Тыныгуудан кийин курамаларда алмашуу орун алган жок.
01:02. Го-о-о-л! Автогол орун алды. Эсеп 1:0. Орусия алдыга чыкты. Ахмед Фатхи өз дарбазасына гол киргизди.
01:05. "Санкт-Петербург" стадионунда учурда 64 миң 468 көрүүчү күйөрмандык кылып жатат.
01:07. Юрий Жирков айып аянтчага топту көтөрүп берген, бирок топко алгач коргоочулар жетип орусиялыктар топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алды.
01:08. Самедовдун бурчтан көтөрүп берген тобун коргоочулар кайрадан талаадан сырткары чыгарды. Катары менен 2-жолу орусиялыктар топту бурчтан чыгарышат.
01:12 Трезеге эреже бузуп сары айып кагазын алды.
01:14. Го-о-о-л! Эсеп 2:0. Денис Черышев атаандашынын айып аянтчасында таамай сокку узатып Эль-Шенавиге тосуп алууга мүмкүнчүлүк калтырган жок.
01:17. Го-о-о-о-л!. Артем Дзюба айып аянтчанын сыртынан сокку узатып эсеп санын өзгөрттү. Эль-Шенави топту тосконго үлгүрбөй калды.
01:20. Египет курамасында алмаштыруу. Амр Варда Варда Мохамед Эль-Неннинин ордуна чыгат.
01:23. Египеттик оюнчулар дагы атаандашынын бөлүгүндө кооптуу абал жаратууда. Трезеге Салахтын чыгарып берүүсүнөн кийин кубаттуу сокку узаткан. Бирок топ дарбазанын жанынан гана өтүп кетти.
01:27 Коргоочу Мохаммед Салахты айып аянтчасында жыгылтканы үчүн калыс 11 метрлик чийинге көрсөттү. Пенальти орун алат.
01:29. Го-о-о-л! Салах пенальтини мыкты аткарып эсепти 3:1 кылды. Беттештин аягына чейин дагы 15 мүнөт убакыт бар.
01:31. Денис Черышев оюн талаасынан кетти. Анын оруна Далер Кузяев чыкты.
01:34. Станислав Черчесов дагы бир алмаштыруу чечимин кабыл алды. Артем Дзюбанын ордуна Федор Смолов чыгат.
01:37. Египет курамасында дагы алмашуу орун алды Марван Мохсенжин ордуна оюн талаасына Кахраба чыкты.
01:39. Федор Смолов атаандашын футболкасынан кармаганы үчүн сары айып кагазына ээ болду.
01:41. Орусиялыктарда акыркы алмаштыруу. Фёдор Кудряшов оюн талаасына Юрий Жирковдун ордуна чыгат.
01:46. Беттештин негизги убактысы соңуна жетти. Башкы калыс 4 мүнөт убакыт кошуп берди.
01:48. Египет курама командасынын жасаган аракеттери ийгиликтүү болгон жок.
01:50. Калыстын ышкырыгы жаңырып Орусия курама командасы жеңишти камсыздады. Муну менен Орусия курамасы алдын ала кийин плей-офф баскычына өтө алды.