Дүйнө биринчилигинде 2 оюн катары менен жеңилген Египет курама командасынын машыктыруучусу кызматынан кетет

Дүйнө биринчилигинде 2 оюн катары менен жеңилген Египет курама командасынын машыктыруучусу кызматынан кетет. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, аргентиналык машыктыруучу кызмат ордунан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу бүткөн соң кете тургандыгы айтылууда.

Ал эми Купер Орусия курама командасы менен болгон беттештен соң орун алган маалымат жыйынында бул маселе бир гана анын оюнан көз каранды эмес экендигин билдирген.

"Кызмат ордумда каламбы же жокпу азырынча белгисиз. Эгерде бул маселеге жооптуу адамдарды менин аткарган ишим канааттандырбай жатса, мен өзүм кетем", - деп билдирген машыктыруучу.

Эскерте кетсек, Египет курама командасы алгачкы беттеште Уругвай курамасына 0:1 эсебинде утулса, 2-оюнда Орусиянын улуттук курама командасына 1:3 эсебинде жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
erlan2196
2018-06-20 09:55:26
Египет чау! Жакшы жеткиле Африка континентине.
+4
Rasul94
2018-06-20 10:57:21
Египетте оюн деле жок экен. башка тренер келсе деле билбейм
+4
jergetal
2018-06-20 11:42:00
Акыйкатта слабый Египет, пастары эмне деген шумдук ? дальныйга коп пас беришет экен . Ал эми Салахта соз жок .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан