Ош ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын башчысы кол алдындагы кызматкери тарабынан сабалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 3-июнь күнү Ош ОИИБинде болгон.
"Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси акыркы 5 айда аткарылган иш боюнча жыйын өткөргөн. Анда кол алдында иштеген кызматкердин иш көрсөткүчү начар болгондугуна байланыштуу ага эскертүү берген. Бирок бул сөзгө кошулбаган кызматкер "силер мени туура эмес баалап жатасыңар" деп жетекчинин иш бөлмөсүнө кирип келип, аны уруп жиберген. Мындан улам ал жерден эки кызматкер тең мушташа кетишип, алган жаракаттарынан улам ооруканага кайрылышкан. Андан соң алар тийиштүү органдарга арыз да жазышкан. Убагында бул окуяны жашырганга аракеттер болгону ички иликтөөдө аныкталды", - деди маалымат катчы.
Окуя боюнча Ош ОИИБи кызматтык иликтөө жүргүзүп, юридикалык баа берүү үчүн топтолгон материалды прокуратурга жөнөткөн. Кечээ, 19-июнда Ош облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү) менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери башталды.