Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө "Маданияттуу күйөрмандар" жана "Япониянын футбол күйөрмандары" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Видеолор Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун оюндарында тартылган. Анда футбол күйөрмандарынын оюндун аягында таштандыларды жыйнап жатканын көрүүгө болот. Аталган видео социалдык тармактарга тарап, көпчүлүк интернет колдонуучулар "кайсы өлкөнүн күйөрмандары болсо да, маданияттуу күйөрмандар экен" деген ойлорун билдиришкен.
Маалыматтарга ылайык, видеолор Польша-Сенегал жана Колумбия-Япония беттештеринен кийин тартылган. Аталган беттештер кечээ, 19-июнда орун алган. Анда Сенегал курама командасы 1:2 эсебинде, ал эми Япония курамасы 1:2 эсебинде жеңишке жеткен.