21-июнда Бишкектеги 5-кичирайондон грузиялык бир жаранын белгисиз бирөө атып кеткен. Иликтөө иштеринде окуя болгон жерден 6 ок табылган. Бул кылмыш боюнча милиция кызматкерлери Грузиянын дагы бир 1978-жылы туулган Б.Б. аттуу жаранын кармашты. Кармалган адам мурун 3 жолу соттолгону белгилүү болду. Эскерте кетсек кылмышка күнөөлөнүп жаткан адам Грузиядан Кыргызстанга 15 күн мурун гана келген. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.