22-июнда Ысык-Көл облусунда Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын эрежесиз уруш боюнча "WEF SELECTION16" мелдеши орун алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мелдештин уюштуруучулары билдирди.
"Мелдеш аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Каркыра жайлоосунда орун алат. Анда өлкөбүздүн келечектүү жаш мушкерлери Казакстан жана Өзбекстандан келген мушкерлер менен таймашмакчы", - деп Ысык-Көл облусу боюнча федерациясынын президенти Константин Куценко билдирди.