Бишкекте жаш манасчылардын кароо-сынагы өтөт

"Аймактарды өнүктүрүү" жылына карата 7 облустагы жаш манасчылардын башын кошкон 40 күндүк "Манас" айтуу иш-чарасынын жабылыш аземи эртең, 21-июнда Манас айылында өтөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучулары "Көйкашка" коомдук фондунан билдиришти.

"40 күндүк "Манас" айтуу иш-чарасынын жабылыш аземинин алкагында республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагы өтөт. Жаш манасчылардын таймашы жаңы үйрөнчүктөр жана такшалып калган кунандар арасында өзүнчө жүрөт", - деп билдирди уюштуруучулар.

Иш-чаранын негизги максаты улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана жаш манасчыларга колдоо көрсөтүп, улуттук тилге көңүл бурдуруу экенин уюштуруучулар белгилеп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nuri1
2018-06-20 16:20:14
Манас дүйнөдөгү Кыргыздардын рухий байлыгы.
Кыргыз калкы мына ушул руханий байлыктын аркасында өчкөн сайын өрчүп, кылымдардын кыйын сапарын карытып өзүнүн кыргыз деген кадыр баркын сактап Кыргыз деген атын өчүрбөй келген. Дин десе кээ бир жаштарыбыз, араб, пакистан элдеринин идеясын ээрчип кеткени жакшы эмес. Андан коро Манас атабызды пайгамбардан жогору тутуп, Манас деген ураанды бекем тутсак.
0
Mirlan27011987
2018-06-20 17:07:26
Манастын идеясын эл арасына жайылтыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан