Орусияда 14-июндан бери футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында тайпаларга бөлүнгөн командалардын оюндары болуп жатат. Аталган спорттук ири иш-чара июль айынын ортосунда аяктайт. Тарыхта биринчи жолу Орусияда өтүп жаткан бул футбол майрамына дүйнөнүн төрт бурчунан жүз миңдеген колдоочулар келген. Албетте, алардын арасында көз күйгүзгөн сулуулар да бар. Бул ирет бир жума бою футбол беттештерин кызуу колдоп турган сулуулардын сүрөттөрүн чогулттук.
Албетте, быйылкы Дүйнө чемпионатында талаа ээси болгон Орусия колдоочуларга бай. Аталган өлкө өз тайпасындагы Сауд Арабияны 0:5 эсебинде, Египетти 1:3 эсебинде ири эсепте жеңилүүгө аргасыз кылды. Орусия курамасы күйөрмандарын тынымсыз кубандырууда. Алардын арасында ажарлуу айымдар да бар экенин сүрөтчүлөр тартып алышкан. Сүрөтчүнүн объективине бир гана жергиликтүү кыздар эмес, чет элден келген бийкечтер да түшкөн.