"Ош базарында" кайыр сурап отурган адамдар менен милиция кызматкерлеринин урушу боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.
"Борборубузда кайырчылык жана селсаяктык кылып жүргөн жарандарга карата рейд жүргүзүлгөн. Ошол учурда мүмкүнчүлүгү чектелеген жаран менен орой мамиледе сүйлөшкөн милиция кызматкерине карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Кызматтык иликтөө аяктагандан кийин жыйынтыгы бардык массалык маалымат каражаттарына билдирилет", - деди басма сөз кызматкери.
Эске салсак, интернетте "Ош базарында" милиция кызматкерлери менен кайыр сурап отурган адамдардын урушуп жаткандыгы боюнча видео тараган. Кийин видео боюнча Бишкек ШИИББи кайыр сурап отурган адамдар көп учурда жол кырсыктарынын жана укук бузуу окуяларынын курмандыктарына айланып жатканынан улам рейд жүргүзгөнүн айткан.